www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жумада, айрым ММКлар "миллион" деген ылакабы бар Раим Матраимовду "Кыргызстандан качып кетти" деп, маалыматтарды таратышууда. Раим Матраимов ага жооп катары, "Мага карата кайсы бир күчтөр ушак чыгарууга кызыкдар болсо керек. Мен эч жакка качкан жокмун. Качууга негиз да жок. Ден соолугумду чыңдап, эс алып жүрөм. Жакынкы күндөрү Бишкекте болом. Кызыккан журналисттер болсо Суусамырга келгиле. Чогуу сүйлөшүп, чер жазып кетесиңер. Жөн эле дүрбөлөңгө түшө бербегиле", деди, "АЗИЯньюс" гезити менен NazarNews.kg маалымат агенттигине.

Раим Матраимовго жооп катары журналист Нургазы Мусаев: - Раим Матраимов Суусамырга чакырыптыр дейби? "Уккан кулакта жазык жок" дечү беле?.. Айтылуу Раим Матраимов (Раим миллион) суу кечип бир жакка качпай эле Суусамырда сүлөөсүн төшөктүн үстүндө кымыз шимирип жатат дейт. Журналисттерди дал Суусамырга чакырып, ошол жерден маалымат жыйын берет экен. Бишкекте эле быкшып жата бербей, Төө-Ашууну ашып, Матраимов тууралуу Ала-Тоону аралай чаап жаткан өйдө-төмөн сөздөрдүн чын-төгүнүн билип келсекпи? - деген пикирин билдирди. 

Нургазы Мусаевдин мындай сунушун айрым журналистер, "чындап баралы" десе, айрымдары, Суусамырга барып алып "Раим Матраимовду таппай "банкрот" болбойбузбу ыя?" - деп, пикир жазып тамашага салды. 

Кыскасы, качпай эле Кыргызстанда жүргөн Раим Матраимовду өз көзү менен көргүсү келгендер оголе көп экен. Раим мырза, айрымдардын ичин бышырбай жок дегенде таштын үстүндө олтуруп же боз үйдүн ичинде чалкалап жамбаштап жаткан сүрөтүн салып жиберсе жакшы болот беле? Андыктан Раим мырза, бээнин сүтүн ичип, сүлөөсүн төшөктөн туруп келгенден кийин кыскача сүйлөгөн кызыктуу маегин күтөбүз.

Баса Раим мырза, сизге коңгуроо айрым журналистер Суусамырга аттанып калышы мүмкүн...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости