www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Олигарх Умбет Кыдыралиев “Кыргызалтындын” жетекчилигинен интригага аралашып, Теңгиз Бөлтүрүк менен келише албай кеткенин укканбыз.
Бир топ убакыт бизнестерин тескеп, Бишкек шаарындагы 100 квартирасынан түшкөн акчаларды эсептегиче эле кайрадан ийгилик жылмайыптыр. Кумтөргө директорлор кеңешинен орун алып, учурда көңүлү токпейил жүрөт. Президенттин командасында футбол ойноп...
Айлыгы 20 миң долларды чапчый турганы кабарланды. Бир эсе Умбет мырзага баа бериш керек. Аскар Акаев доорунан бери мамлекеттик кызматты, бизнести да бирдей алып келатат. Орто жерден мандатты да минди. Аттан түшсө дагы ээрден ообойт.
Кайсы бийлик болбосун, таасирдүү фигуралар менен алакалаш болуп, мамиле кылганды кыйла өздөштүргөн. Байланыштары күчтүү. Айлакер, тың киши. Жаш кезинде бокс боюнча спорттун чебери болуп, мушташып да жүргөн жайы бар.
Булак: Азия News гезити