www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бардык каалоочулар үчүн Кумтөр алтын кенине экскурсия уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова маалымат жыйында билдирди.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги жана туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакынкы күндөрү экскурсия уюштуруп туруу боюнча келишимге кол коюлат.

«Каалагандар экскурсияга жазылып, кенди өз көзү менен көрө алышат. Мунун баасы болжолдуу түрдө 500 доллар болот деп жатабыз. Балким бир аз арзаныраак болот. Экскурсия бир эле күн болору пландаштырылууда.

Бул стратегиялык обьект болгондуктан албетте ар кандай кооптонуулар бар. Бирок эгер бир туризмди өнүктүрөбүз десек анда ушундай тобокелдүү кадамдарга барышыбыз керек», — деди Калашникова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости