www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акылбек Жапаров казинолорго Кыргызстандын атуулдарын киргизбей коюуга кепилдик берем деп ант берди. Бирок буга ким ишенет?», - деди бүгүн, 23-июнда, NazarNews маалымат агенттигине «легендарлуу» парламенттин депутаты Жамин Акималиев.

- Жамин агай, парламент Казинолор иштесин деген мыйзам долбоорун жактырды. Негизи коомчулуктун талкуусуна алынган маселелер элдик талкууга коюлушу керек беле же депутаттар мыйзам менен чечип койгону туура болдубу?

- Казино маселеси коомчулукту козгоп, жалпы журтту тынчсыздандырып жаткандыгы бул -чыркыраган чындык. Анткен себеби, мындан бир нече жыл мурун Кыргызстанда казино иштей баштаганда жүздөгөн кишилерден тагдыры талкаланган.

Айрым жаштар кумар-зоок оюунуна батып кетип ата-энесин, туугандарын жана үй-бүлөсүн аябай кыйнаган. Акчаларын уттуруп жиберип ажалга дагы аттангандар болгон. Ушундан улам бул маселе орчундуу көтөрүлүп, коомчулуктун кысымы менен 2012-жылы казино жабылган болчу.

Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушун таштап коюп, атайын Жогорку Кеңешке келип, аябай суранып жатып казинону ачуу боюнча Парламенттин колдоосуна ээ болду. Өкмөт башчынын негизги жүйөөсү - казино жыл сайын мамлекеттик бюджетке 1 миллиард сом киреше берет экен.

Мынчалык каражатты башка тармактардан деле тапса болот да? Мына былтыр коррупционерлерди «кустургандан» эле 7,5 миллиард сом табылбадыбы? Эми «Кумтөр» кенинин мамлекетке өтүп, ири өлчөмдөгү каражаттарды камсыз кылып жатканын айтпай эле коёлу. Казино кадимкисиндей иштеп, жаштарыбыз маралдык жагынан бузулуп кетсе, анда коомго болгон чыгымдар миллиарддаган долларга жетип кетиши мүмкүн.

Ушул жагын терең ойлонбойбузбу? Акылбек Жапаров кумарканаларга Кыргызстандын атуулдарын киргизбей коюуга кепилдик берем деп ант берди. Бирок буга ким ишенет? Ал үчүн Сингапурдай темир тартип керек, мыйзамдын так жана толук аткарылышы зарыл жана коррупция деген «жети баштуу желмогуздун» тап-такыр эле жок болушу талап кылынат. Андай деңгээлге биз жете элекбиз да.

Ошондуктан, кумаркананы ачуу же ачпоо маселесин жалпы элдин талкуусуна коюш керек. Ал турмак Республикалык референдум өткөрсөк да ашык болбойт.

Мисалы, Швейцария ар кандай социалдык-саясий маселелер боюнча жыл сайын референдум өткөрүп, татаал көйгөйлөрдү эл аркылуу чечип алат. Президент Садыр Жапаров дагы мындай шашылыш түрдө кабыл алынган мыйзамга дароо эле кол койбойт деген үмүттөмүн.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш кечээ, 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости