www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн тууралуу кызыктуу фактыларды билесизби?

Таң атып жана кеч кире баштаганда күн бизге кызыл болуп көрүнөт. Ал эми асман саргыч тартып кызгылт, көк түскө келе баштайт. Бул абалды көпчүлүк романтика, лирикалуулукка байланыштырат.

Сары түстө деп билген күн, эмнеге бизге кызыл болуп көрүнөт?

Күндүн түркүн түстө көрүнүүсүнүн аркасында физикалык эрежелер турат. Гринвичтеги Падыша музейинин астроному Эдвард Блумбер: “Күндүн нуру, дүйнөлүк атмосферадан өтүү мезгилинде өзүнө таандык оптикалык өзгөчөлүктөрдөн улам түсүн өзгөртүшү мүмкүн”, - деп белгилейт. 

Нур жана атмосфера 

Жогорудагы көз карашты кененирээк түшүндүрүү үчүн  “нур” түшүнүгүн билип алуу керек. Нур, көз менен көрүүгө мүмкүн болгон кызыл, кызгылт-сары, сары, жашыл, көк, ачык көк жана кызгылт көк түстөрдү камтып, көз аркылуу көрүнүүчү шкаладан турат. Блумер: “Анын артында күн нурунун жайылышы, бирок бул жайылыштын бирдей эместиги турат”, - деп түшүндүргөн.

Ар бир түс ар башка түрдө тарайт. Мисалга алсак, эң кыска тароочу түс – кызгылт көк болсо, эң узун тароочу – кызыл түс. 

Күн түсүнүн өзгөрүүсүнө байланышкан экинчи түшүнүк – кычкылтек сымал түрдүү газ катмарларынан түзүлгөн атмосферанын структурасы. Күн нуру, түрдүү жыштыкка ээ газ катмарларынын арасынан өтүп жатып ийилип, бир призмадан өтүп жаткан сымал тарап баштайт. Ошондой эле, тизилген бөлүкчөлөр дагы бар абада. Алар, тараган нурдун чагылуусуна, кайра калыбына келүүсүнө себепчи болот. 

Чыгып жана батып жаткандагы күндүн нурлары дагы абанын эң үстүңкү катмарларына белгилүү бир күч менен урунат. Ошентип, сыйкырдуу көрүнүш бул жерде да пайда болот. Күн нурлары, аталган үстүңкү катмарларды тешип жатканда көк түстүү нурлар дагы ажырап, чагыла баштайт. Блумбер: “Күн, горизонттон төмөндөгөн сайын көк жана жашыл түстөр ажырап баштайт, мунун натыйжасында кызгылт-сары, кызыл түстөр пайда болот”, -дейт.

Жыйынтыктап айтканда, кызгылт-көк жана көк сыяктуу толкун узундугу кыска түстөр ажырап жатканда, кызыл жана кызгылт-сары сыяктуу толкун узундугу узун түстөр жер жүзүнө тарай баштайт. Ошонун натыйжасында айланада  кереметтүү көрүнүш пайда болот.

Последние новости