www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто Кайнене келинин үч күн бою жертөлөгө камаган. 

Маалыматка ылайык, 11-августта 19 жаштагы жашоочу Токмок шаарынын ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, ал акыркы үч күн бою өз үйүнүн жер төлөсүндө камалып отурганын айткан. Ошондой эле күйөөсү жана анын бир туугандары ага кол көтөргөнүн арызданган. 

Кайненеси менен болгон ар бир чатактан кийин, жаш келинди консерваланган азыктар сакталчу үйдүн жертөлөсүнө отургузган. Ошол эле учурда ага суу да, тамак да беришкен эмес. Жертөлөнүн капкагын бекитпесе дагы, бирок келин ал жерден өз алдынча чыгуудан коркчу. 

Токмок шаарынын тергөө органдары бул фактыны “Бейбаштык” беренеси менен каттап, тергөө иштерин жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Жабырлануучу 11-августта саат 12:40дар чамасында, аны кайнежеси эч себепсиз уруп сабаганын, кийин ал үйдөн качып чыгып милицияга кайрылганын айтып түшүндүргөн. Мындан тышкары, арыз ээси 2019-жылдын ноябрь айында 28 жаштагы М.Р.га турмушка чыгып, үйүндө кайненеси жана кайын эжеси менен чогуу жашап, аны дайыма сабап, жертөлөгө камап койгондорун айткан.

Бул факты боюнча тергөө кызматы арыз ээсинин кайненесин жана кайын эжесин суракка алды, алар өз кезегинде денеге залал келтирүү фактысын четке кагууда. Ошондой эле жабырлануучунун күйөөсү, 28 жаштагы М.Р. дагы суракка алынган, ал июль айынын башында аялы менен кызганычтан улам чыр чатак чыкканын, натыйжада аны сабагандыгын айткан.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында укуктук баа берилет. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, келиндин ден-соолугуна бир аз зыян келтирген. Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости