www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тоготпостукпу же элди сыйлабастыкпы? Кен тармагын түшүнгөн адистер, эксперттер эмне дейсиңер? Мындай пикирин журналист Күнболот Момоконов жазып чыкты.

Жерүй кени боюнча түзүлгөн Элдик комиссия "Альянс Алтын" компаниясына бир катар иштер боюнча документтерди сурап кайрылган (запрос) эле. Үч ай чоюп, ыйлап-сыктап берген документтери мына. 6-класстын окуучусунун бир күндүк мектепке салып бара турган куралдарынан канча эсе аз. Ушул документтер менен бир өлкөнүн көзүн чукуп, аба-суусун булгап, тоо-ташын талкалап, саламаттыгын сапырып койбосун деген сактыктан суралган суроого компаниянын жообу. Ушул документтер менен эртең эмне жыйынтык чыгарса болот, Жыргалбек Калмуратович? Аптешке-чаптеш, алардын бергени менен бир нерсени чампалоого болбойт. Элдик комиссия 5-февралда Таласта жалпы Эл алдында отчетун бергени турат. Бул мамиле менен нааразычылыктын этеги бүтпөйт. Себеби, комиссия "Альянс Алтын" компаниясынан баары ачык-айрым, таза болсо, озүңөрдүн жасаган ишиңерге ишенсеңер, баары мыйзамдуу десеңер төмөнкү документтерди:

1. ТЭОну.

2. ОВОСтун проектисин.

3. Хвостохранилищанын проектисин.

4. Карьердин проектисин бергиле деп суранган эле. Бул документтер менен азыркы эл талабы ары же бери болмок.

Алардын бири да жок. Кыргызстан тараптагы өткөн жыйындардын протоколдорун, эксперттик топтун же мамлекеттик мекемелердин "баары сонун, жыргайбыз, гүлдөйбүз, зыяны жок, өлбөйсүңөр" деген, коендой окшош чечимдерин берип коюшуптур. Алардын баары колубузда бар болчу. Сураган эле нерсеңди "ал компаниянын ички сыры, сыртка чыкпаш керек, интернетке жайылып кетет" дешет. Ушунча сөздү угуп, "аферист экен" деттиргенче, аферист эмес экендиктерине ишенсе "мегиле, каалаганыңарды казып чыккыла, бир шарт бар, маалымат башка булактарга чыкпасын, чыкса жеке жоопкерчиликке тартылууга макулбуз деп жазып бергиле" дебейби. Кызыгы, дегеле эл кызыккан, эл сураган маалыматтарды катып отурууга, бербей коюуга компаниянын кандай акысы бар? Анда, айтпай-койбой каалаган жерин касып, каалаганын кыла бербейби? Адилеттүүлүккө келип, ачыктыкты камсыздап, туура жолго түшпөйлүбү! - дейт Момоконов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости