www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азырынча Жогорку Кеңешти бийликтин үчүнчү бутагы катары кармап отуруштун кажети деле калган жок. Мындай пикирин белгилүү журналист Канышай Мамыркулова бүгүн, 20-январда өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

«Урматтуу Акылбек Жапаров жана анын жанында мыйзамсыз отурган депутаттар, депутат деп айтууга да келбейт. Анткени мыйзамсыз Жогорку Кеңеште отурасыздар, муну элдин баары эле билет.

Эшелон деген өтө жаман, өтө эле оор сөз. Демек, Акылбек Жапаровго окшогон эл өкүлдөрү карапайым калкты эшелондоп сыртка чыгарууга даяр турбайбы! Убагында бул киши Садыр Жапаровго кеңешчи болом деп жүрдү эле, эгер кеңешчи болуп калса, ага мына дал ушундай кеңешти бермек экен да.

Ток этээрин айтканда, сиздердин бир жылдан бери Жогорку кеңеште мыйзамсыз отурганыңыздарга эл чыдап келди. Чыгарган сапатсыз мыйзамдар менен маңызы жок токтомдоруңарга эл эмес өзүңөр да тоюп бүттүңөр көрүнөт. Эми мынтип элди эшелондоп чет өлкөгө жөнөтөлү деген кепти айтып парламентте отуруштун деле кажети жок. Азырынча Жогорку Кеңешти бийликтин үчүнчү бутагы катары кармап отуруштун кажети деле калган жок. Акылбек Жапаров баштаган депутаттар, силердин көпчүлүгүңөрдү эл тааныбайт деле, ошондуктан, тарап кеткиле», - деди Канышай Мамыркулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости