www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Кубаныч Зайнидинов «Күндүн жаңылыгы» аталышта Фейсбукка мындай деп жазды: «Журналист Күнболот Момоконов күздө өтүүчү президенттик шайлоого аттанды. Муну өзү расмий тастыктады. Таластык жигит бул кадамга мактаныч катары барып жаткан жок. Башмыйзамдагы укугу боюнча баратыр. Ушу тапта БШКга керектүү кол топтоо боюнча ишин баштаганы туру. Балким, бак айтып калаар..»
“Таластык бай чиновниктер колдоп, жаштарды түртүп жатса керек” деп чын көргөнү да болду. Тамаша катары кабыл алганы да болду.
Күнболот Момоконовго чалсак, ошол жөнүндө суроо болорун билди окшойт, “шеф бош эмес эле” деп тамашалады.
Кубаныч Зайнидиновдун жазганына мындай деп жооп берди: «Кубаныч менен ар кыл темада тамашалаша беребиз. Андан таасирлүү, белгилүү адамдардын телефонун сурап, аларга кол койдурарымды айткам. “Эмне президенттикке аттанып жатасыңбы?»,- дегенинен ооба деп койгом. Ошону жазып жиберген турбайбы, шок бала десе! Фейстегилерге эрмек таап бериптир да...» деп күлдү.
Булак: NazarNews.kg