www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кош, сиреним...

Той болду тойдун эртеси да болду... Той менен алышып жүрүп сенин ооруп жатканыңды да унутуп калыптырмын... Көрсө, жөтөлүң кайра күчөгөн экен. Кайрадан ооруканага барсак, “Бул жолкусунда кечигип калыпсыздар” деген жоопту уктук. Доктурдун,  "Жубайыңыз кургак учук дартына кабылган ,аз гана өмүрү калды" дегенин угуу мен үчүн канчалык кыйын болгонун билесиңби? Бул тууралуу эч кимге айта албадым, бир чети жан дүйнөмдөгү абалды ого бетер курчутуп аламбы деп чоочуласам, бир чети сени билип калабы деп корктум. Ошондон тарта сенин ар бир күнүңдү бактылуу өткөрүүгө аракет кылдым..А бирок, ташбоор ажал күтпөйт тура... Сени менден тартып алды. Канчалык ыйласам да, сени коё бергим келбесе да тартып алды, сиреним...

Жаздын ошол сирень жыттанган кечин эстеп жатам... Ошондогу сезимдер ай... Катардагы эле жаздын бир кечи болчу. Күндөгүдөй жумуштан чыгып үйдү көздөй сапар алдым. Үйгө жакын жайгашкан ал бакты бир сыйра кыялданып, айланып чыгуу мага адат болуп калган. Башка бактардай бийик өскөн арчалары же отуруп эс алганга кооз отургучтары болсо бир жөн. Эч нерсе жок... Болгону жаңы бүчүр байлап жаткан өрүктөр... Эми гана жарыктыкты таанып жаткан бирин-серин чөптөр... Бирок, бул бак ошонусу менен кооз, өзгөчө эле... Анткени, мен сени ошол бактан жолуктургам, ошол жерден алгачкы жолу сүйүүнүн даамын татып, эң алгач эриниңден өпкөм...Ооба, эстедиңби?.. Биз жолуккан алгачкы күн... А менин эсимде... Жаныңа бөбөгүңдү ээрчитип алып ырдап бара жаткан элең... "Басылганча туралы деп кичине..." деген бойдон сөздөрүн таппай калганыңда, "баш катабыз бир күрмөнүн ичине" деп улап кеткен элем. Биздин таанышуубузга себеп болгон ушул ырды дале унутпай ырдап жүрөм, сиреним... Биз жаңы таанышканда сирень гүлү эми гана гүлдөп баштаган кези болгондуктан, сени “сиреним” деп эркелетээр элем. Бизди тааныштырган жагымдуу ыргактан улам сен мага, "чагылган" деп кайрылчусуң. Ошентип, бири-бирибизди таанып, туура бир жыл өткөн соң баш коштук. Болгондо да кайрадан эле сирень гүлдөгөн маалда. Мына ушинтип сыйкырдуу сирень гүлү бизге күтүлбөгөн белектерди тартуулады. Алардын эң чоңу - биздин ак никебизден жаралган эгиз кыздарыбыз Кымбат жана Сымбат болду. Күндөр күнгө жылдар жылга алмашып отуруп арадан бир топ жыл өтүп кетти. Кымбат менен Сымбат окууну аяктап, келечек тууралуу ойлонууга жарап калышты. Алар да эмнегедир экөөбүз сыяктуу сирень гүлүн жакшы көрүшөт.

 25-май ал күн биздин үй-бүлө үчүн өзгөчө күн болчу... Бүгүн биздин ак сүйүүбүздөн жаралган кыздарыбыз мектепти аяктап жатышат. Ал күн дале көз алдымда... Сен ошол күнү өзгөчө бактылуу элең. Эртең менен кыздарды мектепке узатып, ээнсиреген үйдө жалгыз калдык. Экөөбүз жалгыз калганда романтикалуу кино көрүп, андагы каармандарга кошулуп, ыйлап калмайыбыз бар эле. Ошол кинону таң эртеден түшкө чейин көргөнбүз го, асылым. Бир топ жашып алганыңды кантейин... Ошондогу сенин сулуулугуң ай. Эч ким сени кырктын кырын ашып калган аял деп ойлобойт эле. Үстүңдөгү сыя көйнөгүңдүн өзүңө жарашканын айтпай эле коёюн. Аны атайы сирендин түсүнө жакын экен деп сатып албадык беле... Дал ошол күнү кечинде биздин үйдө чоң майрам болду. Менин туулган күнүмдүн урматына үй-бүлөбүз менен тоого эс алууга чыктык. Абанын тазалыгы, суунун тунуктугу, айлананын кооздугу. Айтор, баары башкача эле. Аккан сууну алгачкы жолу көргөндөй бири-бирибизге суу чачышып ойногонубуз эч эсимден кетпейт. Ошол күндүн эртеси эле жөтөлүп калдың. Кечээ тоодон суук тийип калган го деп көп деле көңүл бурбай ишке кетип калган элем. Аттиң, “ошондо эртерээк дарылатсам, азыр чогуу болмок белек” деп өкүнүп калам. Кантейин, сени алып калууга бар күчүмдү жумшасам да күчүм жетпеди. Биз алсыз пенде экенбиз. Жараткандын буйругуна баш ийбеске арга жок тура... Сен менин бул жалгандагы жалгыз түгөйүм элең, ак куу сымал сүйүшкөндөргө айландык десем болот. Анткени, мен мындан ары өзүмдү эч бир жанга ыраа көрбөйм. Азыркы күнгө чейин сенин элесиң менен жашап келем. Мен бул жашоодон жалгыз өтөм! Сен – менин түбөлүк махабатымсың! Кош жан эркем, чыныгы жашоодо мени күт! Кыздарды тууруна кондуруп, ишеничтүү колго тапшырган соң барып калам. Ии баса, Кымбатты күйөөгө бергени жатам. Ишеничтүү, адилеттүү, туруктуу, оор басырыктуу, так мен ойлогондой жигит экен. Буйруса, алар сөзсүз бактылуу болушат. Сымбат болсо бир эсе эжесинин бактын тапканынга сүйүнсө, бир эсе ичи ачышып жатат. Кантет анан, бир тууганы да?.. Ошондуктан, мен азырынча Сымбатка тирек болушум керек. Сени жоготкондон тарта, арадан 5 жыл өттү. Бизге бакыт тартуулаган сирень гүлү бүчүрүн байлап жаткан убагы. Кандай керемет жыт, кандай керемет көз ирмем. Көкүрөктө муза болуп ойногон бул сезимдерде сенин элесиң камтылган.

Аз калды... Чыдай тур... Мени аябай сагынгандырсың... Түбөлүк бирге болобуз!

Булак: "gezit.kg"

Последние новости