www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева мурунку депутат Эркингүл Иманкожоеванын үстүнөн арыз жазып, Бишкек шаардык сотуна кайрылып, кечээ соттон утуп алганы боюнча «24kg» маалыматтык агенттигине билдирген. Ал боюнча экс-депутат Эркингүл Иманкожоева буларды айтты:

-- Жылдызкан Жолдошева менен болгон доо-арыз ишибиз азырынча бүтө элек. Райондук сот мен тарапка чечсе, шаардык сот Жолдошевага чечти. Акыркы чечимди Жогорку сот чыгарып, чекит коет. Ошондуктан Жолдошеванын мактанганына али эрте! Бу айым бир нерсени түшүнбөй койду. Кыргызстанда эки эле менчик болот: мамлекеттик жана жеке. "Курманжан Датка " фонду бул жеке менчик болуп саналат. Бул бир. Экинчиден, 5- чакырылыштын 16 депутаты кол койгон суроо -талап кат жазып, Минфинге жибергенбиз. "Курманжан Датка " комплексине 48,5 миллион сом берилгени боюнча алардан жооп келген. “Ушунча акча берилсе, анда эмне үчүн эмгиче бүтпөй турат?” деген суроону парламентте берген элем.

Дегеле мамлекет коомдук фонддун жерине мамлекеттик бюджеттен акча которуп комплексти салдыргандын өзү мыйзамсыз. Ал берилген жерге тарыхый комплекс эмес эле оюн-зоок уюштурулуучу жер болмок. Ал жөн эле "Курманжан Датканын комплекси” деп аталган, анын арты башка жакта. Мисалы, долбоор боюнча кафе, ресторан, коттедж, боулинг, дискотека аянтчасы жана башка нерселер курулуш салыныш керек болгон. Бул план Жолдошеваныкы»,-дейт экс-депутат Эркингүл Иманкожоева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости