www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу мекендештер, өзүңөргө белгилүү болгондой 1-июнь күнү Эрмек боюнча флешмобту Дайырбек Орунбеков өктөргөн. Флешмобтун өтөөрү боюнча Д. Орунбеков менин вотсабыма маалымат жөнөтүп, чакырган. Мындан тышкары телефон сүйлөшүүлөр болгон. Алгач флешмоб 7- кичи районунда жайгашкан "Космо парк" оюн зоок имаратынын алдында өтмөк. Кайсы бир себептер менен "Вета Сторес 2"де өтөт деп, кийинчерээк Дайырбек кабар берди. Биз, Фондтун жана "Аалам" партиясынын мүчөлөрү барып катыштык. Келсек саат 18-00 го айрым колдоочуулар топтолуп калышыптыр. Бирок, Эрмек шариктери менен кечигип жатты. Биз келген колдоочуларды кетпей туруусун сурандык, өтүп жаткан жарандарды да колдоп коюга чакырдык. Эрмек шарик гүлдөрү менен келген соң, баарыбыз сатып алдык. Көпчүлүккө гүлдөр жетпей калды, бирок жарандар жөн эле акчасын берип жатышты. Биз сатып алган гүлдөрдү 8-кичи районунда жайгашкан "Ак жол" балдар үйүнө жер жемиш менен кошо тартууладык. Ушул ортодо мага сөз берип калышты. Мен тарабынан сунуш айтылды, Эрмекке Президент, ЖК төрагасы, же Премъер-минстрлер жеке фондунан үй тартууласа жакшы болмок деген. Андан соң, бир эки адам менен сүйлөшүп турган учуруда Арафат деген жигит мага келип, "Жылдыз эже сизде сөзүм бар эле”, деп жеке маселесин айтты. Ошону менен бирге Эрмеке үй тууралуу сунушуму колдоорун айтты. Көрсө Арафат "Дан мастер" деген курулуш компаниясын жетектейт экен. Анда эмесе, бир бөлмөлүү үй бере тургандыгын элдин алдында айт, десем макул болду (күбөлөр бар). О.э. элдин алдында Эрмекке үй берээрин тастыктап, 5-6 июнда чек жазып берээрин, Орунбековту, Жолдошованы жана КР Акыйкатчы институнан келген кызматкерлерди чакырып, биздин көзүбүзчө чекти тапшыраарын элдин көзүнчө ачык убада бергени да чындык. Ушул флешмобту "NEXT TV" теле көрсөтүүсү деген сайт түз эфирде көрсөтүп жатты. Ушул сайтты ачсаңар Урматтуу мекендештер флешмоб кандай өткөнүн башынан аягына дейре көрсөңөр болот. Кийин, Арафат бизди шарик гүлдөр менен Ак жол балдар үйүнө алып, сыртта күтүп турду, андан соң үйүбүзгө, кесиптештерибизди кошо жеткирип койду. Эмнегедир мына ушул болуп өткөн флешмобтон айрымдар саясат кылганга аракет жасап жатышат. Ошондуктан баарыңарга айтаарым "NEXT TV" дагы видео фактыны көрүп койгула, мырзалар орозо күндөрү этият болуп "ушак" таратсаңар.
Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат
Булак: NazarNews.kg