www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул сүрөттөгү Вандардын үй-бүлөсү. Алар көрүшпөгөндүгүнө 10 күндөн ашкан. Ван Шувэнь коронавирус чыкканда алгачкы болуп бейтаптар жаткырылган Сюйчжоу медициналык ооруканасында медайым болуп иштейт. Ал эми жолдошу полиция кызматкери болгондуктан, карантинге алынып жабылган шаардын тартибин көзөмөлдөп, суткалап иштеп жүрөт.
Сүрөттү журналисттерге жайкын тургундардын бири жиберип, заматта социалдык тармактарга жайылып кеткен.
Окуя тууралуу Ван Шувэндин жолдошу: “ Мен сүйүктүү жубайымды 10 күндөн бери көрө электигиме байланыштуу абдан сагындым. Мен жок дегенде аны алыстан көрөйүн деп барганмын. Эми көңүлүм ордуна түштү”,-деп билдирген ал. Кишинин айтымында 46 жаштагы жубайын көрүү үчүн карантин бөлүмүнө эрте менен 7:30да барган.
Жубайлардын ортосунда 17 жаштагы уулу бар. Ал дагы полиция академиясында окуйт. Баласы да 47 жаштагы атасына көптөн бери жолукпагандыктан, академиядан атасы менен бир нөөмөттө кызмат кылууну сураган. Натыйжада академиянын жетекчилиги анын суранычын канааттандырып, атасы менен кызмат өтөгөн.
Булак: NazarNews.kg