www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Солто коомунун кезектеги бокс боюнча турнири башталды. 3 күндүк чоң турнир 24-февраль күнү Кара-Балта шаарындагы Манас спорттук залында старт алды. Турнирге 7 дубандан келген 80ден ашык жаш спортчулар катышып жатат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.
Уюштуруучулардын бири Руслан Насыралиевдин айтымында, турнир Ата Мекенди коргоочулар күнүө арналган.
"Бул турнирди 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнө арнадык. Учурда бул турнир 2-жолу өтүп жаткан учуру. Акыркы мезгилде спортко көп көңүл бурулбай жатат. Ушундай убакта демөөрчүлөр олимпиадалык оюндары өткөрүүгө кичине болсо да салымын кошуп турса абдан жакшы болот эле", - деди Насыралиев.
Турнир жалпы жонунан 2 сааттан ашык убакытка созулуп, жарым финалга өтө турчу жеңүүчүлөр тандалып алынды. Жыл сайын өтө турчу турнирге кийинки жылы чет мамлекеттен да спортчулар келээри күтүлүүдө. Турнирди уюштурган Солто коому бир гана бокс боюнча мелдеш өткөрбөстөн күрөш, көк бөрү, футбол ж.б оюндарды алдыда өткөрөөрүн маалымдашты. Турнир 27-февралда жыйынтыкталат.
Булак: NazarNews.kg