www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 2715ке жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, коронавирусту 78 миң адам жуктуруп алса, 2715 адам бул оордан каза болду. Ошону менен катар дарттан 29 700 киши айыкканы кабарланууда.

Кытайдын Улуттук Саламаттыктык сактоо комиссиясы каза болгондордун 2600дөн ашууну Ухань шаарынын тургундары экенин, жер жүзүндө вирус 80 миңден ашуун кишиге жугуп, 2800дөн ашык адамдын өмүрүн алганын билдирди.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан Кытай менен менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Республика боюнча коронавируска кабылгандар жок.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости