www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактын колдонуучусу Кундуз Ажибеков өзүнүн баракчасы аркылуу КР Президенти Сооронбай Жээнбековго терең ыраазычылыгын билдирди. 

Төмөндө текст толугу менен: 

Урматтуу Сооронбай Шарипович сиздин акыркы жазап жаткан иш аракетиңизди коомчулук жактырып, анын ичинде жаран катары менин да сизге болгон ишенимим жогорулап баштады.

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишинин токтогонун элибиз абдан кубануу менен кабыл алууда. Бабановду колдогон өлкө боюнча 600миң шайлоочунун үмүт оту жанып сизди абдан сыйлап калдык. Өмүрбек Бабанов баш болгон саясий куугунтукка кабылган адамдарга адилеттүү чечим чыгат деп ойлойм.

Шайлоо бүттү эми элди бириктирүүгө убакыт келди, ошол ынтымактын башында сиз туруп Журт атасы болосуз деп ишенем.

Өлкө үчүн позитивдүү өзгөрүүлөрдү чоогу жасайлы!

Сиздин бизге болгон айкөлдүгүңүздү 2 мисал менен айткым келет.

1. Бабановдун тарапташы Канат Исаевдин адилетсиз саясий куугунтукка кабылгандыгын баарыбыз билебиз. Ал киши бүгүнкү күндө кайра мандатын алып депутат болуп олтурат. 
2. Бабановдун тарапташы Алтынай Өмүрбекова вице-премьер министр болуп олтурат.

Мына бүгүн Өмүрбек Токтогуловичке козголгон кылмыш иши токтотулганын уктук. Мунун баары сизге биз тараптан чоң кадыр барк жана сый гана алып келет.

Ишиңизге ийгилик каалайм! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости