www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганда облусунда карантин чаралары күчөтүлөт. Буга аталган облустагы райондордун биринде куран окутуудан улам коронавирусту массалык түрдө жуктуруп алуу фактысы себеп болгон. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Караганда облусунун акими илдетти жуктуруп алгандардын көбү үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдөн кийин катталып жатканын билдирген. Ал акыркы окуяларга токтолуп, облустун аймагындагы куран окутуудан кийин 21 жарандан илдет аныкталганын маалымдаган. Айтымында, куран окутууда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган бейтаптардын көбү кары-картаңдар, өнөкөт оорусу барлар.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Караганда облусунда 13-июндан тарта карантин чаралары күчөтүлүп, жолдорго блокпосттор коюлат. Айрым транспорт каражаттарынын каттамына, соода борборлорунун иштөөсүнө чектөө киргизилет.

Казакстанда 12-июнь саат 09:00гө карата коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 13 миң 872ни түздү. Анын ичинен 8593 бейтап илдетти жеңсе, 67си каза болду. 2 миң 529 жаранда оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости