www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курман айт 21-августта белгиленет

Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

"12-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүргөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы", - деп жазылган муфтият тараткан маалыматта.

Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Алгачкы топ 25-июлда кеткен.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости