www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Канышай Мамыркулова Бурулайдын өлүмү боюнча пикирин төмөнкүдөй билдирди:

- Урматтуу ИИМ министри Кашкар Астаканович, негизи Бурулай киши колдуу болуп, милициянын имаратында ажал тапканда эле кызматтан кетишиңиз керек эле. Элибиздин кайдыгерлигинен, бийликтин кенебестигинен дагы деле отурасыз. Андан бери убакыт өтүп, кыздын ата-энеси чырылдап ЖМКларда көз жашын төгүп, аргасы кетти. Абийирсиздиктин айынан маркум кыз баланын жылаңач сүрөтү социалдык тармактарда көчүп-конуп жүрөт.

Айрым ЖМКлар сизди мактап койсо аларга ишенип абайир менен эсептешпей, бул маселени чечпей отура бергениңиз ары болгондо акылсыздык, бери болгондо бети жоктук. Сиз дагы атасыз, мындай оор кайгыны башка салбасын. Чыркыраган атанын чындыгын угуп коюнуз...Уят....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости