www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровду жок кылыш үчүн Атамбаев артүрлүү кылмыш иштерге барган.Алсак, эч күнөөсү жок журналист Кенжебек Жумабаевди камап алып, аны УКМК кызматкерлери ур-токмокко алышып, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Кенжебек Жумабаев макул болбосуна көздөрү жеткен соң аны 8 жылга соттоп жиберишкен.

Бирок аны ал бойдон тим коюшпай артынан түрмөгө чейин барышып, Садыр Жапаровко карата каршы көрсөтмөгө кол коюп берсең эле сени түрмөдөн чыгарабыз деген шарт коюшкан.

Кенжебек Жумабаев УКМК кызматкерлерине суроо берет: "Жогорку соттон да өтүп кетти, эми кантип чыгарасыңар" дегенде, алар: "Атамбаев менен сүйлөшүп койдук. Ырайым менен чыгарабыз" дешет. Ырайым менен чыгышым үчүн жок дегенде 4 жыл олтурушум керек эле дейт. Анткени, мыйзам боюнча 8 жылга соттолгон адамды 4 жылы өтмөйүнчө ырайым кылууга президенттин акысы жок. Бул жерде да Атамбаев мыйзамды одоно бузган. УКМКнын кызматкерлери ал сенин проблемаң эмес, биздин проблема дешет. Макул болуп кол коюп берип бир айдын ичинде Кенжебек Жумабаев түрмөдөн бошоп чыгып кетет. Түрмөдөн чыгып, Кудай алдында чындыкты айтып коёюн деп, Жогорку сотко арыз менен кайрылат. Бирок Кенжебек Жумабаевдин бул арызын Жогорку сот таптакыр укмаксанга, көрмөксөнгө салып койду.

Эгер соттордо чындык орногон болсо Садыр Жапаров 13-июнь күнү боштондукка чыкмак. Тилекке каршы андай болбоду. Эми президентибиз какшап айтып жаткан адилеттүүлүк прокуратура системасына орногон болсо башпрокурор Өткүрбек Жамшитов бул ишти биринчи инстанцияга кайрадан караоого жиберүүгө тийиш.

Булак: "Фейсбук"

Последние новости