www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"КР мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Беларуссияны таштап чыгып кетти", деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу жергиликтүү айрым ММКлар жазып чыккан. Бүгүн, 19-августта NazarNews маалымат агенттигине экс президент Курманбек Бакиев төмөнкүчө билдирди.

 -- “Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Беларуссияны таштап, чыгып кетти”, деген сөз чындыкка дал келбейт. Мага оор абалда Белоруссиянын президенти А.Г.Лукашенко качкын макамын берип, ал тургай жакшы жашоого шарт түзүп жатса, Лукашенкону кыйын кырдаалда аны эч качан таштап кетпеймин. Аягына чейин жанында болом. Буга чейин дагы мен бирөөнү саткан эмесмин, сатпайм дагы. Учурда Минскте элемин. Дагы кайталайм, бул киши менен аягына чейин болом”, - деди Курманбек Бакиев.

Эске салсак, 9-августта Беларуссияда президенттик шайлоо өтүп, учурдагы президент Александр Лукашенко 80,1 пайыз добуш менен алтынчы мөөнөткө кайрадан шайланган. Бирок ошол эле күнү Минск шаарында жана башка шаарларда нааразычылык акциялары башталган. Учурда абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости