www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Шамурза Бөрүкулов экс-президент Курманбек Бакиевди туулган күнү-71 жашка толушу менен куттуктап, каалоо-тилегин айткан. Аны менен бирге Курманбек Салиевичтин китебинен үзүндү жазып кошо тиркеген. Бөрүкуловдун сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

"Урматтуу Курманбек Салиевич! Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо, үй - бүлөңүз менен кайда болсо да аман жүрүңүз.

"Тагдырдын жазганына баш ийип, өз мекенинен алыстап кеткен адам гана мекендин чыныгы баркын билип, бул канчалык оор жоготуу экендигин толугу менен сезе алат. Ал түшүндө да ак мөңгүлүү чокуларды, тунук, таза тоо, көлдөрүн көрүп, көктөмдөгү эрте ойгонгон тулан чөптүн, алгачкы жазгы жамгырдын жытын сезип, түбөлүк муз чүмкөнгөн мөңгүлөргө чагылышкан көзү уялгандай болот. Бул чабандын түндүгүнөн бурулдап, көтөрүлгөн көк түтүндөй эле ачуу чындык. Арийне, бул-лирикалуу жагы гана. Ал эми турмуш чындыгы, акын жазган сымал андан алда канча катаал эмеспи. 

Айрымдар мага мындай деп айтышы да мүмкүн: сен биринчиси эмессин, сага чейин эле бизде бир качкын президент болгон деп. Бирок биздин ортобузда абдан чоң айырмычылык бар. Аскар Акаев өлкөдөн кыжыры кайнаган элден коркуп качкан. Мен болсо, Түштүктөгү июнь айындагы окуялардан соң, жарандык согуш отунун тутануусуна бир гана кадам калган кезде, аны токтотуу үчүн Кыргызстанды таштап чыгып кеттим. Мага эмне үчүн бул китепти жазуу керек болду?

Демейде, чоң нерсенин карааны алыстан жакшы көрүнөт эмеспи. Мен өзүм туулуп-өскөн, эбак эле талкаланган үйдөн алыста жашап жүрүп, алгач өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн башына түшкөн оор учурда мага колдоо көрсөткөндүгү үчүн, мен ага ыраазычылыгымды билдирген башка өлкөнүн жана анын президентинин коногу катары болуп, эми болсо урматка татыган жараны болуп калсам да, оюмдан Кыргызстаным күндүр-түндүр чыкпай жүрөт.

Менин ысымым өз жердештеримдин эсинде-мен жетектеген заводум үчүн, областтар үчүн жана Кыргызстан үчүн бүт аракетимди жумшап, жасаган жакшы нерселердин баары тең көрүнбөй, менин саясий каршылаштарым абдан далалат кылуу менен шыбашкан булганыч катмардын алдында калып, жалаң гана жаман жагына эстелип каларын ойлогондо, көңүлүм ооруган абалга кабыламын. Балким, башка бардык адамдар сыяктуу эле мен деле сынга алууга татыктуу чыгармын, бирок мындай бир беткей, кара ниеттик менен көөлөп жамандоо акыйкаттыкка жатпайт. Анын үстүнө, мен кокустуктан улам гана өлкө президенти болуп калган жокмун да".

"МЕНИН ООРУМ, СҮЙҮҮМ жана ҮМҮТҮМ -КЫРГЫЗСТАНЫМ" китебинен (2015-жыл).

Кудайым сизди Кыргызстанга келип, чындыкты айтып, ак экениңизди далилдөөчү күнгө жеткирсин ылайым", - деп сөзүн аяктаган Бөрүкулов.

Эске сала кетсек, Бакиев Курманбек Салиевич 1949-жылы 1-августта Жалал-Абадда жарык дүйнөгө келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости