www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-августта президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого” курган маегинде, Токтогул суу сактагычында аба ырайына байланыштуу суу аз топтолуп калганын билдирди.

Президенттин маалыматына ылайык, өлкөдөгү бир нече суу сактагычта суу аз топтолду.

«Бизде эле эмес, региондо суу тартыштыгы болуп жатат. Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Тилекке каршы, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болду. Тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына суу азыраак келип калды» , - деди президент.

Жээнбеков өлкө электр энергия менен камсыз болорун айтып, эспетөөлөрдүн жыйынтыгы менен гана сырттан сатып келүү караларын кошумчалады.

Өкмөттүн божомолунда 2020-жылдын октябрь айына чейин Токтогул суу сактагычында 14,9 млрд. куб метр суу топтолот. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 млрд. куб метрге аз.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2019-жылдын 1-октябрына карата 17,2 млрд. куб метр, 2018-жылдын ушул мезгилинде – 19,2 млрд. куб метр, 2017-жылы 19,6 млрд. куб метр болгон. Суу сактагыч эң көп дегенде 19 млрд. 500 млн. куб метрге чейин сууну батыра алат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости