www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августтан тарта, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо системасы санариптеше турганын билдирди. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде айтканын маалымат кызматы кабарлады.

Анын айтымында, жаңы конкурстук система боюнча тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер катары сунушталат.

"Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай калып кеткени жашыруун эмес. Ошондуктан бул негизги маселе. Бул жаатта ачык-айкындуулук, калыстык болуп, жарандардын ишеничин толук аткаруу керек. Ошону менен биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы орундарга даяр кесипкөй, тажрыйбалуу, билимдүү балдарды тартуу максаты коюлган", — деген президент.

Жээнбеков бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү бардык чечимдер кабыл алынганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости