www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аталышы эле кызыктай болгон «Доңуз коңуз урушу»деген бул ырды уккандар, тактап айтканда обондуу тамсилди уккандар, клибин көргөндөр ызы чуу түшүп ар кандай ой пикирлерди ютуб каналындагы автордун дарегине жазышып жатышат. Клипти көрсөңүз балким сизде дагы терс пикир жаралышы ыктымал. Аталган обондуу тамсилдин автору Курманбек Ниязбеков пикир калтыргандарга жооп жазганын өзгөртүүсүз берели деп чечтик.

Курманбек Ниязбеков: «Арыбаңыздар замандаштар! Автор катары бул обондуу тамсил жөнүндө оюмду жазып коеюн дедим. Муну уккандар "Эмне болгон ыр, ушундай кантип болсун, акылынан айнып калганбы?" - деп өзүн аябай акылдуу сезгендер көбөйдү. Тамсил - деген жанр эмне экенинен кабарың жок туруп маани жөнүндө жазганың кандай? Клиптин башында ОБОНДУУ ТАМСИЛ деп турат. Тамсил - бул коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдү жаныбарлар аркылуу элге жеткирүү. Демек, биздин азыркы абалыбыз дал ушул обондуу тамсилге камтылган. Жакшылап тыңдап анализ жасап көргүлө. Дагы кайталайм бул ЫР ЭМЕС ОБОНДУУ ТАМСИЛ деп клиптин башында чакчайып жазылып турат. Тамсилден кабары бар киши клипти көрүп коомдогу көйгөйлөрдү байкай алат. Тамсил өтө кылдаттык менен жаныбарлар аркылуу берилет. Антсе да ар кимдин өз кабыл алуусу, адамдык акыл парасаты, деңгээли, ою, пикири бар аны сыйлайм. Жаза бериңиздер, калемиңиздер курчуй берсин. Дагы суроолор жаралса жооп жазам»

Автордун жообунан кийин биз клип аркылуу эмнени айткыңыз келди деген суроо узаттык.

Курманбек Ниязбеков: «Жообу эң жөнөкөй. Доңуз негизи коңуздан бир топ көлөмү жагынан чоң. Ушундан эле жыйынтык чыгарсак болот. Азыркы коомдо улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген жоголуп бараткансыйт. Дал ушул доңуз менен коңуздай болуп урушкандар көбөйдү. Ал эми кумурсканы билесиздер табиятынан аябай мээнеткеч, тынчтыкты сүйөт. Доңуз менен коңуздун кызыл чеке болуп урушуп жатканын көргөн кумурска экөөнүн чырын токтотот. Обондуу тамсилдин түпкү айтайын деген ою, мааниси биз адамдар кумурска өңдүү мээнет кылып, тынчтыкта урушпай, талашпай кичүүлөр улууларды урматтап, улуулар кичүүлөрдү ызааттап ынтымакта жашайлы деген чакырык таштадым»-дейт ырдын автору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости