www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Акйыкатчысы тарабынан даярдалган «Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу» аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулаган тегерек стол өтүүдө.

Тегерек стол Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында каржыланды.

Аталган тегерек столдун негизги максаты- Республикалык балдар психиатриялык ооруканасында дарыланып жаткан балдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын абалына мамлекеттик органдардын, коомчулуктун көңүлүн бурдуртуу жана аны чечүү жолдорун талкуулоо.

Кыргыз Республикасында психикалык жактан жабыркаган бейтаптарды дарылаган алты стационардык мекеме бар: үчөө психикалык ден-соолук борбору, үчөө атайын оорукана. Алардын ичине Республикалык балдар психиатриялык ооруканасы да кирет.

2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасы боюнча психикалык жактан жабыркап психиатриялык мекемелерде каттодо турган балдардын саны -6739, алардын 4226ы эркек, 2513ү кыз. Ал эми 2017-жылдын 1-январына карата айтылган маалымат боюнча, балдардын саны-6565, алардын ичинен эркектер-4218, кыздар-2377 болчу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган бул маалыматтан биз психикалык жактан жабыркаган балдардын саны мурунку жылдан өскөнүн байкаса болот. Бирок, бул статистика чыныгы кырдаалды чагылдырбашы мүмкүн, себеби кээ бир ата-энелер балдарын атайын мекемелерге көрсөтүп кайрылышпайт.

Кыргыз Республикасынын аймагында бир гана балдар психиатриялык ооруканасы бар. Ал, Ивановка айылында жайгашкан Республикалык балдар психиатриялык ооруканасы.

Балдардын республикалык психиатриялык ооруканасынын азыркы абалы боюнча маалымат. (Чүй обл, Ивановка а.)

БРПО (Чүй обл, Ивановка а.) 1958-жылдан бери иштеп келе жатат, эки блоктон турган эки кабаттуу имарат. Курамында 2 бөлүм бар:10-16 жаштагы өспүрүм-эркек балдар үчүн жана №2 5 жаштан 9 жашка чейинки эркек балдар үчүн жана 5 жаштан 16 жашка чейинки кыздар үчүн бөлүмдөр.

БРПОдогу (Чүй обл, Ивановка а.) кампанын жана мончого от жагуучу жайдын чатыры менен шыптары авариялык абалда. Аба-ырайынын шарттарынын натыйжасында жаан-чачын шыпка түшөт, ошонун кесепетинен азык-түлүк сактоочу кампанын шыбы авариялык абалда турат (иийилген, жаракалар бар) жана анын урап, түшүп кетүү коркунучу бар. Ашканада аба сордургуч жок жана тамактын жыты бүткүл ооруканага тарайт.

Азыркы учурга чейин жылытуу тутуму (көмүр менен) 1958-жылдан бери иштеп келе жатат, эки меш жагылып, от жагууга жумушчулар жалданат. Көмүр кампасында шып түшүп калган, жаан-чачында көмүр майдаланууга дуушар болот, от чыгып кетүү коркунучу бар.

Балдар жатып дарыланып жаткан корпус капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж, дубалдардагы шыбактар түшкөн, линолиум жарактан чыккан, терезе менен эшиктердин кармагычтары жок жана аларды алмаштыруу зарыл. Оорукананын алдындагы оюн аянтчасы балдарга керектүү жабдуулар менен жабдылган эмес, ойноочу аянт калыбына келтирилбеген жана авариялык абалга келип калган.

Мониторинг учурунда ооруканага келип түшкөндөрдүн саны 92 адамды түздү, бул балдардын көбүрөөк бөлүгү адистештирилген мектеп-интернаттарынан келгендер, ал эми кээ бири дарыланууга муктаж болбогон эле балдар. Бул балдар калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары же алар өздөрү айткандай, «жайкы эс алуу учурунда» ооруканага жиберилишет. Жыйынтыгында, бул балдар андан ары алардын коомго аралашуу мүмкүнчүлүгүн кыйындаткан психикалык оорунун белгиси менен жашашат жана кийин жумушка орношуусуна дагы таасир этет, д.у.с.

Балдардын республикалык психиатриялык ооруканасында психикалык жактан жабыркаган балдардын укуктарын жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө кырдаал оор экендигин, бейтаптарды кармоо шарттары минималдуу шарттарга шайкеш келбей тургандыгын жана адамдык ар-намысты басмырлап жаткандыгын, санитардык-гигиеналык шарттардын сакталбагандыгын байкоолордун жыйынтыгы көрсөттү. Дарыгерлердин жетишсиздиги бар, эгер жогоруда саналган бейтаптардын санына балдардын 3 психиатр-дарыгери каралган болсо, иштеп жатканы болгону 1 дарыгер.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости