www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев президент кезинде “ойлонбой сүйлөгөн сөзүнөн” Өзбекстан, Тажикстан менен мамиле бузулган. Андан кийин Казакстан менен мамилени канабайранга салды. Бактыга жараша мөөнөтү бүтүп, Жээнбековдун келиши менен кыргыз-казак мамилеси ордуна келди.

Атамбаев АКШ, Түркия менен да мамилени бузуп, бул мамлекеттер менен байланыш дээрлик үзүлүп калган.

Түркия 2016-жылдагы куралдуу төңкөрүш аракетинен кийин гүленчилерди өткөрүп берүүнү кыргыз бийлигинен суранып, гүленчилер Кыргызстанда да төңкөрүш кылыш мүмкүндүгүн эскерткен. Атамбаев “жылан чагып, жылкы теппей эле” ачуулана “андай акылдуу экенсиңер эмнеге төңкөрүшкө жол бердиңер” деп текеберлене жооп берген.

Көрсө эс тутуму кыска Атамбаев 2010-жылдан кийин Режеп Тайип Эрдоганды абим деп айланчыктап жүргөнүн, Акаев доорунда акчаларын Түркияга катып, ишкерлигин ошол жакта жасаганын бат эле унутуп калган экен.

Атамбаев мындай жообу эки тараптуу мамиленин тоңдурулушуна алып келген. Түркия Кыргызстандагы “Көчмөндөр оюнуна” келүүдөн да баш тарткан. Натыйжада “Көчмөндөр оюнунун” өткөрүүдөн башка боордош өлкөлөр да баш тартып, Кыргызстан өзү эки жылда бир өткөрүүгө аргасыз болуп калды. Ошону менен Атамбаевдин “текеберлиги” “Көчмөндөр оюнунун” эл аралык деңгээлге чыгып, олимп оюндары сыяктуу түрдүү өлкөлөрдө өткөрүлүүсүнө  бөгөт коюлган.

Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрелде расмий сапар менен Түркияда болот. Анын түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган, өкмөт башчысы Бинали Йылдырым жана парламент төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушуусу белгиленген. Бул сапар кыргыз-түрк мамилесине экинчи демге ээ берип, өнүгүүсүнө жол ачыш керек. Бирок эки ортону бузууга жөндөмдүү маселе дале турат…

Сооронбай Жээнбековдун Түркия сапарына даярдык көрүлүп жатканда расмий Анкара тараптан өтүнүч келтирилген. Анкара Кыргызстандагы 27 гүленчини өткөрүп берүүнү суранган.  Сооронбай Жээнбеков Түркиянын бул талабын аткарууга бара алабы? Анткени түрк тарап гүленчилер Кыргызстан бийлигинин башына келип алганын эскерткен эле. Түрк маалымат каражаттары кыргыз  өкмөт башчысы Сапар Исаковдун ысмын да атаган.

Булак: Элньюс

Последние новости