www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  мыйзамдын ийне жибине чейин билген Курманбек Осмоновду кепке тартып, президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктары тууралуу сүйлөштүк.

-Курманбек мырза, Садыр Жапаров эки чылбыр бир тизгинди колго алып, бир эле учурда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп иштегенине мыйзам жол береби?

-Кыргыз Республикасынын конституциясында Кыргыз Республикасынын президентин жана премьер-министрлик кызматын бир адам аркалаганга жол берет. Аны бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Канат Исаев тарабынан айтылды. Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу жана ошол эле мезгилде премьер-министрдин милдетин аткарган адам президенттик шайлоого катышууга укугу жок болуп калат.

-Президенттин милдетин аткарган адам президенттин бардык ыйгарым укуктарына ээ болобу?

-Президенттин конституцияда жана мыйзамдарда каралган баардык функцияларын, ыйгарым укуктарын аткарууга президенттин милдетин аткаруучунун толук укугу жок. Президенттин милдетин аткаруучу президенттин бардык ыйгарым укуктарына ээ боло албайт. Тагыраагы, бул жагынан укугу чектелген. Анын себептеринин баары мыйзамда көрсөтүлгөн.

-Сооронбай Жээнбеков экс-президент деген макамына ээ болушу керекпи?

-Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээри менен экс-президент деген макамды алды. Экс-президент деген макамдан ажыратуунун себептери, негиздери, тартиптери да ошол эле мыйзамдарда көрсөтүлгөн. Эми андан ажыратпаса деле керек.

-Баса, Өмүрбек Текебаевдин кайра мандатына ээ болушу мыйзамдуу эле болдубу?

-Азырынча туура же туура эмес деп айтуу кыйын. Мыйзамда так көрсөтүлгөндөй негиздер жок. Анын соттуулугу жөнүндө маселе да бүдөмүк.

-Садыр Жапаров элдин, мамлекеттин жүгүн көтөрө алабы?

-Садыр Нургожоевич Жапаровду мен билем. Саясатта кыйла такшалып калган. Мамлекетти өнүктүрүп кете алабы, элдин жүгүн тартып кете алабы ошого ишенели үмүт арталы. Ишенич артып артып туралы. Убакыт баарын көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости