www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында  Жогорку Кеңештин Төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан расмий түрдө баш тартты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүндө: "Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр же Премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат" - деп жазылган.

Жыйындын жүрүшүндө Канатбек Исаев, Сооронбай Жээнбековго терең ыраазычылыгын ачык айтты. Ал эми Жээнбековдун жанында арыгын чаап, эшигин шыпырып, партияда алдыңкы сапта “ураалап” келе жаткан “саткын” талапкерлерден дайыны көрүнгөн жок. Кантсе да “түлкү менен мышыктарга” караганда Канат Исаев эркек экен. Мындай оор кырдалда чыныгы дос боло албаган достуктун кереги барбы? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости