www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Курманбек Рыспаев маркум экс-спикер Чыныбай Турсунбековго арнап ыр жазды.

Кош Чыке дос…

Кош десем сөзүм окшобой,
Козголуп жүрөк токтобой,
Жалгандан өттү Чыкем деп,
Жан дүйнөм жаман боздоду-ой!

Айтсам эч сөзүм окшобой,
Айланып жашым токтобой,
Айрылдык Ата Сизден деп,
Артыңдан уул-кыз боздоду-ой!

Жан элең жандан башкача,
Адилет,чынчыл, таптаза.
Жабыркап турчу жан дуйнөң,
Жалганды чын деп мактаса.

Кошомат дегең кокуйга,
Кошулбай четтеп турчусуң.
Чыке кой, десек эч болбой,
Чындыгын айтып тынчусуң.

Жабыркап дуйнөң эзилип,
Жалгандан качып кеттиңби?
Чындыктын тили жешилип,
Калгандан качып кеттиңби?

Аялдай турбай убакыт,
Таң да атар, анан кеч кирээр.
Ар күнү жоктоп атасын,
Айдайкаң жерди тепкилээр.
Сүймөнчүк кызың Бегимай,
Сүрөтүңдү ыйлап өпкүлөөр,
Ээн калган сенин бөлмөңдө,
Эрте-кеч Эржан эчкирээр.

Түгөйсүз калган Нуржаның,
Кезиндей болбой кош канат,
Олтурса-турса эстетип,
Орунуң эми бош калат.

Айтарга сөзүм табылбай,
Жашым да кургап агылбай,
Кайтпаска кеттиң Чыке дос!
Карааның узап табылбай…

К.Рыспаев 08.07.2020-жыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости