www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук аймак аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдыхаликов бүгүн, 8-июлда каза болду. Ал ооруканага үч күн мурун түшкөн жана биринчи диагноз "эки тараптуу пневмония" деп коюлган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине маркумдун кесиптештери билдиришти.

Ал эми анын коронавирус оорусуна чалдыкканы так белгисиз, тапшырган анализдин жыйынтыгы чыга элек болгон. Дарыгердин өлүмүнүн так себеби паталогоанатомиялык иликтөөдөн кийин белгилүү болору маалымдалды.

Жангара Абдыхаликов аталган оорукананын ЛОР бөлүмүн 1986-жылдан бери башкарып келе жаткан. «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» наамын, бир катар мамлекеттик сыйлыктарды алган.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды, ооруканада жаткан жети кызматкер айыгып, үйүнө чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га 1287 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 522си айыгып кетти. Ооруканада жатып каза болгондордун расмий саны буга чейин алтоо болчу.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости