www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет оор күнгө кабылып,сырттан жардам болбой турган учур. Өзүбүздүн баш көтөргөн инсандар жардам бербегенде ким жардам берет элге,мамлекетке! Кыргыз элинин душмандарынынже Атамбаевдин кадрларынын дагы деле жөн жатпай мамлекеттин саясатына тоскоолдук кылуусу деп түшүнүш керек. Карапайым эл өзүн өзү кантип каржыласын. Мүмкүнчүлүгү барларга тыюу салып, элди кыйналып, кырылып калгыла дегениби! БШКнын төмөнкүдөй билдирүү таратканга моралдык акысы жок. Бул деген БШКнын акмакчылыгы. Эми БШК элге ушундай жол менен жамандык кылууну ойлоп чыгыптырбы! Шайылдабекова эсиңе кел! Шайлдабековага окшогон өлүмүш Атамбаевдин кадрын кызматтан алыш керек.
Шайлдабековага окшогон Атамбаевдин кадрлары Президентти дайыма подстава кылып, саботаж уюштуруп келишет. Азыр БШКнын мындай чечим чыгарганга мыйзамдуу акысы жок. Себеби: Биринчиден партиялардын шайлоого катыша тургандыгы жөнүндө чечим чыга элек. Азырынча партиялар БШКга сунуш гана беришти. Каттоодон өтүп, каражаттарын төгүп, шайлоого катышууга БШКнын уруксаты бериле элек.
2. Партияларды съездери өтүп ЖКтин депутаттынына талапкерлер бекитилип, БШКга сунуш кылынып, БШК талапкер деген күбөлүк бере элек. Учурда белгисиз ким талапкер болоору.
3. БШКнын шайлоо өткөрүү боюнча графигинде үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөтү келе элек. Азыр ким болсо да жасай алат.
4. БШК кимдир бирөөнүн «заказын» аткарып жаткандай билдирүү таратыптыр.
5. Мамлекет кыйналып турганда, жардамга муктаж болуп турганын көрүп, көпчүлүктүн берип жаткан жардамын,ушундай арам ой менен тоскоолдук кылгысы келип жатабы?
6. БШКнын Төрайымын баш кылып, орун басарын төш кылып, бардык составын алмаштырыш керек.
Себеби, бүт чириген партияларды колдогон партиялардын өкүлдөрү олтурат. (Бир Бол, Ата Мекен, СДПК- Биримдик, Республика, Кыргызстан, Өнүгүү,) жаңы күчтүү партияларга бут тосуу үчүн ушундай сунушту ойлоп чыгыгышыптыр десек туура болчудай.
7. Кайрымдуулук иш менен шугулданбагыла, ИВЛ жана дары-дармек сатып бербегиле.
стационардык ооруканаларды ачпагыла деген талабы учурда туура эмес. Күлкүлүү иш.
8. БШКнын графиги боюнча үгүт иштери башталган күндөн баштап тыюу сала алат.
9. Партиялар шайлоого катышууна толук кандуу бюллетенге жазылууга уруксат берилсе анан тактаса болот.
10.ЖКтин депутаттыгына талапкерин каттоодон өткөрүп күбөлүк тапшырсын! Жогоруда мен белгилеген 10 пунктка маани бергиле урматтуу достор! Бул деген БШКнын жасаган аракети бузукулук! Элге болгон душмандык! Ансыз да байлар каражатын жумшабай бекитип олтурат элге жардам бербей. Шайлоого катышуучу партиялар тактала элек, кандидаттар каттоодон өтө элек, үгүт иштер жүргүзүү графиги келе элек, мындай тыюу салуу түздөн түз Президенттин саясатына, Өкмөттүн ишине, карапайым элге БШКнын жасаган ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ КЕЗЕКТЕГИ САБОТАЖЫ! Бул маселени жн жок коюууга болбойт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 8-июлда күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардан өтүнмө кабыл алуу жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, саат 17:00гө карата шайлоого катышуу ниетин 42 саясий партия билдирди.

«Буга чейин БШКнын отурумдарында алардын 21и тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоого алынды, калгандары боюнча атайын жумуш тобунда мамлекеттик органдар менен бирге документтеринин мыйзамдагы талаптарга шайкеш келүүсү текшерилип жатат», - деди ал.

2010-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого 28, ал эми 2015-жылы 14 партия катышкан.

Быйыл 30-июнда Кыргызстанда шайлоо босогосу тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүлгөн.

3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат.

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирүүдө.

Айкөкүл Асылбекова, активист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости