www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын желегин желбиретип, бир канча жолу мамлекетибизге сыймык алып келген, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошсом деген жигиттерибиздин бири машыктыруучу, чемпион Кыргыз Республикасынын дене-тарбия, спорттун отличниги  Шайлообек Атазовду кепке тартып, мамлекетибиздеги абал боюнча баарлаштык. 

--Шайлообек мырза, коронавирустан каза болгондордун саны көбөйгөн сайын кабыргабыз кайышууда. Ушул темп менен кетсек, элди кырып албайбызбы?

--Элибиздин башына оор күн келди. Кудайым өзү сактасын. Күн сайын бул дүйнө менен коштошкондордун саны өскөнү санаркатып жатат. Жараткан өзү жар болуп, абалдан чыгып, илдет жоголсо экен. Эгер вирустун тарашы  ушул  темп менен кете берсе, улутту, элди кырып алуу коркунучу күч алат. Эмнеси болсо да илдетти токтотуунун жолун таап, элди сактап калышыбыз керек.

--Бул абалды апаат деп кабыл алышыбыз керекпи же өкмөттүн шалаакылыгынан чыккан жагдай деп түшүнүшүбүз керекпи?  

--Бул абал өкмөттүн шалаакылыгынан чыкты. Бул кылмышка тете иш болду!  Эки өкмөт башчыны жана эки саламаттык сактоо министрин  кылмыш жообуна тартуу керек. Булар шалаакылык, кайдыгерлик, собатаж кылышты. Эгер чечкиндүү иштеп, чыгармачылык менен элди сүйүү, элге таазим кылып, элдин ден-соолугуна кам көрүп, эрте  аракет кылганда илдет мынчалык жайылбайт эле. Ошон үчүн Өкмөт жооптуу! Өкмөт илдетти кантип алдын алышты билген жок. Өкмөттүн билимсиздигинен, уюштуруучулук жөндөмү жоктугунан, шалаакылыгынан келген каражаттарды башка жакка сарптап, эл менен иши болбой эле асманда учуп жүрдү! Ушунчалык дагы маңыроо, шалаакы өкмөт болобу!

Боронов өкмөт башчы болгонго чейин деле эч нерсе чечкен эмес! Азыр абалды караңыз эл кырылып жатат. Өкмөт эмнени жасап жатат? Дагы да кайрымдуу инсандардын жардамы менен өкмөттүн абийири жабылып жатат.  Бирок, Өкмөт башчынын  айтканын министр да, башка жетекчилер да укпай  жатышат. Ошон үчүн  өлүм көп болуп жатат.

--Партиялар Премьер-министр Кубатбек Бороновдун “шайлоого деген каражатыңарды илдет менен күрөшкөнгө бергиле” деген сунушун колдоого алышабы?

-- Бюджет, грант, жардамдар, меценаттар берген колдоолордун баарын элге, медиктерге өкмөт жеткирбей жатат. Дагы шайлоого катышчу партиялардан каражат сурашат. Тилемчилердей болуп. Күн бүгүн менен бүтпөйт. Өкмөт башчы курамы менен баары бир күнү жооп берчү күн келет!

--Башкы штаб өлүмдү азайтуу үчүн кандай кординалдуу чечимдерге барышы керек?

--Башкы штаб өлүмдү азайтуу үчүн биринчи элди сүйүүсү керек. Элге болгон кайдыгерликтен арылуусу керек. Учурда ооруп келгендерди дагы деле кабыл алышбайт! Эмгек кылган медиктердин мээнетин баалабай жатышат! Керек болсо илдетти жеңе турган программасы жок. Булар элге дух берип, кайрылуу жасап, Өкмөт, министр эл аралап, больницаларды кыдырып иштөөсү керек. Булардын кабинетте олтурууга акысы жок. Шаардагы дарыканадагы дарылардын баасын көзөмөлдөшү керек. Илдеттен пайдаланып, даары бизнеси күчөп жатат. Министр  ал жагын же бул жагын эптей албай отурат.

Ооруган адамдарга биринчи жардамды өз убагында берүү менен сактап  калуу мүмкүн. Элге кайрылып, түшүндүрүү керек. Мындай  опурталдуу мезгилде той өткөргөн, ээн баштарды көзөмөлдөө зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости