www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда газондорду сугаруучу автоматташтырылган система орнотулуп, тункү жарыктандыруу үчүн 32 даана кубаттуу чырак (прожектор) жана аянты 15 м² электрондук экран орнотулду. Ошондой эле стадиондун бир четине кичи футбол аянтчасы да курулду.

Бул курулушту шаардык кеңештин депутаттары колдоого алып, жергиликтүү бюджеттен 6 миллион 132 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Буга чейин футбол адистери аталган стадиондо эл аралык мелдештерди өткөрүүгө айрым кемчиликтер бар экенин белгилеп келген. Учурда анын баары жоюлду.

Белгилей кетсек, бул стадион 4,5 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

Последние новости