www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин эртең, 22-декабрда туулган күнү. Саясатчы, туулган күнүнө карата апасы тууралуу эскерди.

"Менин туулган күнүмдү чыдамсыздык менен күтүп, куттуктаганга шашкан адам апам эле. Анысын билип, мен да апамдын чалуусун күтөт элем. Эртең андай болбойт. Бирок, муну билсем да апамдын чалганын күткүм келет. Эми туулган күн мага мурункудай мааниге ээ болбой калды", - деп жазган социалдык баракчасына.

Төмөндө Өмүрбек Текебаев туулган күнү жана башынан өткөргөн окуя тууралуу эскерүүсү толугу менен:

Эртең менин туулган күнүм. Туулган күнүм менен баарынан биринчи апам телефон чалып куттуктайт эле. Менин туулган күнүмдү чыдамсыздык менен күтүп, куттуктаганга шашкан адам апам эле. Анысын билип, мен да апамдын звоногун күтөт элем. Эртең андай звонок болбойт. Билсем да андай звонокту күткүм келет. Эми туулган күн мага мурункудай мааниге ээ болбой калды.

2016-жылы күзүндө мен айылга бардым. Айылга барган сайын апам менен бир бөлмөдө, апам диванда, мен жанына полго төшөк салдырып жатчумун. Түн бир оокумга чейин айылдагы жаңылыктарды сүйлөшөт элек.

Бир жолу апам “менин да бара турган убактым болду, мени менен теңдер 15-20 жыл мурда өтүп кетишти, андан кийин өзүмдөн 15-20 жаш кичүү келиндер менен достоштум, алар да өтүп кетишти” деп сөз козгоп калды. Мен “апа, алдыда сен көрө турган чоң-чоң окуялар, жакшылыктар көп, шашпа” деп айттым. Бирок, ичимден “биз эмнени туура эмес кылдык, эмнеге апам бул дүйнөдөн тажап кеткиси келип жатат” деп көпкө бушайман болуп жүрдүм.

Бир нече айдан кийин, 2017-жылдын февралында Венадан кайтып келе жатканымда мени Атамбаевдин буйругу менен кармап, УКМКнын СИЗОсуна камашты. СИЗОнун башчысы Бакыт деген жигит жумасына бир жолу апам менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө уруксат берет эле. Телефондон апамдын үнү чыйрак, кайраттуу чыгып калыптыр.

Ошондо мен Бакытка: “Бакыт, менин камалганымдын терс эле жагы эмес, жакшы жагы да бар. Бул дүйнөдөн чарчадым деп кеткиси келип жаткан апамдын үнү кайраттуу чыгып, чыйралып, пландарды түзүп, күрөшкө чымырканып калыптыр. Жок дегенде апама дагы бир нече жылга жашаганга дем, мотивация берсин үчүн дагы мен Кудайга ыраазы болушум керек”, - деп айттым эле.

Акыркы жолу апам 2020-жылдын октябрында Бишкекке биздин үйүбүзгө келип, декабрда кетти. Айылга кетээринде мага: “Уулум, бүгүнкүлөргө (бийликтегилер дегени) ишенбе! Адамдар антип айтып жатат, минтип айтып жатат деп уга бербе, жүрөгүң айтканды, көңүлүңө жакканды кыла бер!”, - деп бата берген. Ал апамдын акыркы кеңеш-керээзи экен, көрсө..., деп эскерүү жазган Текебаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости