www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОдон Орусияга жооп берилди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Орусиянын Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жана НАТОго жолдогон коопсуздук сунушунда Украинанын НАТОго алынбоо өтүнүчүнө жооп кылып, «Биз Европадагы бир дагы өлкөнүн, анын ичинде Украинанын өз жолун тандап алуу укугун бузбайбыз», -деп жооп берди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда Румыниянын премьер-министри Николае Чиука менен болгон жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштары тууралуу суроого жооп берди.

НАТО союздаштарынын Орусияга келгенде бирдиктүү мамиледе экенин белгилеген Столтенберг, Украинага карата агрессивдүү мамиленин Орусия үчүн оор кесепетин алып келерин, бирок маңыздуу диалогго да даяр экендерин айтты.

«Айрыкча азыркыдай тирешүү маалында отуруп талкуулоо, деэскалацияны басаңдатуунун жолун табуу жана мындан ары курчуп кетпеш үчүн этият болуу маанилүү», - деп айткан Столтенберг: «Бирок Орусия менен ар кандай диалог, албетте, ондогон жылдардан бери Европанын коопсуздугун негиздеген негизги принциптерди жана документтерди сыйлоого тийиш. Булар ар бир өлкөнүн өз жолун тандоо укугун камтыйт. Буга НАТОнун өз союздаштарын жактоо жана коргоо укугу да кирет. Союздаштарыбызды коргоо укугунан эч качан баш тартпайбыз. Ошол эле учурда биз Европадагы эч бир өлкөнүн, анын ичинде Украинанын өз жолун тандоо укугуна шек келтирбейбиз», - деди.

Столтенберг Орусия менен жолугушуу боло турган болсо НАТОдогу өнөктөштөрү, анын ичинде Украина менен да кеңешерин билдирди.

Последние новости