www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күрөң күрүч менен азыктануу ракка жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун азайтат. Бул тууралуу РИА Новости FoodNews порталына таянуу менен жазды.

Чет элдик адистердин иликтөөсүнө ылайык, аталган сорттогу күрүчтүн курамында артерияга топтолуп калган холестеринди жок кылуучу селен менен магний заттары бар.

Мындан сырткары, курамындагы антиоксиданттар көкүрөк жана жоон ичегинин сезгенүүсүн алдын алып, ошондой эле рактын өрчүп кетүү тобокелчилигин азайтат.

Ал эми диетологдордун айтымында, күрүч белокко, минералдарга жана клетчаткага бай болот. Бул витаминдер ичегинин иштөө процессин жакшыртып, кандагы канттын деңгээлин калыбында сактап жана каныктырып турат.

Эксперттер мындай буурчак өсүмдүгүн орточо нормада пайдаланууга, башкача айтканда, гарнир катары же шорпого, салаттарга кошуп жегенге кеңеш берет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости