www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь-август айларында Өзбекстан 5,8 миллиард долларга алтын экспорттоду.

Өзбекстан Статистика комитетинин маалыматына караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 миллиард долларга көп.

Жергиликтүү маалыматтар боюнча, Сегиз ай ичинде алтындын экспорту жалпы экспорттун 50 пайызын түздү. Август айында эле Өзбекстан 2,5 миллиард долларга алтын саткан. Тышкы соода жүгүртүү сегиз айда 24, 5 миллиард доллар болду.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 миллиард долларга аз. Тышкы соода жүгүртүүдө экспорт 11,6 миллиард долларды, импорт 12,9 миллиард долларды түздү.

Ал эми июлда Өзбекстан 11,6 тонна алтын сатуу менен дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Алтын сатуу боюнча Монголия экинчи орунду алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости