www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмнеге өз жерибизде барксыз кулга айландык?
Акыркы жылдары кыргыз калкынын башына түшкөн мүшкүлдөр арбып барат. Мүшкүлдөн дагы армандуу көйгөйлөр каптап турат. Көйгөйдөн дагы өткөн түгөнбөс түйшүктөр четинен түгөтүп жатат. Түгөтпөс түгүл, кемирип-кемитип тукум куруттукка алып баратат. Ар тарабын айтаберсек түгөнгүс түйшүк, арылбас азап-тозок. Алар кайсыл дейсиңер? Бийлик бутактарынын ачкөз-арамдыгынан, сасыткы-саткындыгынан Кыргыз жери, демек Ата Мекенибиз арып-тарып барат. Сүткөр-жемкорлугунун айынан жалпы жумурай журттун дагы пейилдери арып-тарып барат. Назарыбыз ач, бирөөлөрдүн байлыгына, жетишкенине көз артып, сугубузду артабыз. Анан, аларды кантип тартып алуунун амалын издеп, ичибиз тарып, кыйналабыз. Шайлоодо кадимкидей арзыбаган акчага, арам тамакка сатылабыз. Сатылабаз да анан бийликти жамандап, сөгүп турабыз. Элдин жалпы коомдун ичи кадимкидей бөлүнүп жарылган. Бай менен кембагалдар. Диндер агымы өзгөчө ырайымсыз ыпыластыкты жаратып, жарылып-жарданып жардын четинде турушат жалмаңдап-жарданып. Ата бабаларыбыз билбеген, билсе да, жек көрүп жерге түкүрүнгөн бачабаздык, четтен чыккан аңгилик, бангилик, сойкулук, миңжүздүүлүк коомубузду каптап, сасытып турат. Ушундай ырайымсыздык, сакалчан молдокелерден тарап жатат. Четинен соттолуп жатышат. Ага да болбой, жандарын жеп, актанышып, тымызынан жаштарды бузуп жатышат. Көп аялдыкты таңуулашып, молдокелер дааватта жүрүшкөн аймактардан канчалаган аяалзаттардын баштарын айлантып, нике кыйып алышып, даана сойкулуктун тамырын жайып жатышат.
Алардан төрөлгөн балдарды: “Аллах каалап жаратты, Аллах өзү ырыскысын кошо жаратты...” – дешип, канчалаган катындары бар, канчалаган балдары бар экенин унутуп калышат. Анысы да эчнерсе эмес, аңгичалыш сакалчандар, бойго жетелек кыздарга көз артып, никелеп алышкандар четтен чыгат. Мисалы Турсунбай, Трусыбайга айланган аңги бар бар. Баткендин секелек кыздарын тандап алат. Жаштары небересинен да жаш. Эми бул...
Эми бул, өзгөчө өксүткөн, өзөктү өрттөгөн көйгөй. Арабдашуунун артынан билимсиздик, караңгылык, текеберлик, теңебестик каптады. Андан дагы өткөн арман, өз ата-тегин кой, өз ата-энесин жээрип чанган маңгибаш маңкурттар чамдады. Кара булуттай каптаган карангылык күндөн-күнгө терээң тамыр жайып турган учур. Бул ырайымсыз ыпылас көрүнүшкө, тилекке каршы...
Тилекке каршы, бийлик көңүл бөлгүсүү келбейт. Келмек турсун, дал ошол ашынып арабдашкан, арамзаланып амалдашкан арабкулдардын арасында бийликтин арбир бутагында олтурган галстукчан арабкулдар бар экени кейитип, келечектен түңүлтөт...
Жумуш учурунда Ак Үйгө чалсаң, секретары: “Түштөн кийин чалыңыз, шеф жума намазга кеткен...” – дейт. Анда жардамчысын кошуп койгулачы, менин жазган каттарымды ошого тапшырды эле... – десең.
Анда жардамчысы да мечитке бирге намазга кеткен, - деген сөздү угасың. Көрсө, жетекчиси намазга жыгылса, жардамчысы, күзөөтчүсү, айдоочусу баардыгы бирпаста арабдашып, намазга арак ичкендерине карабай, намазга жыгылышат экен, капырай. Эми бул дагы өзгөчө өзөктү өрттөгөн, өксүтүп өкүрткөн сөз...
Жумушсуздук...
Жумушсуздуктун айынан кыргыздын жаштары дүйнө кесип тентишти, өз Ата Журтунан безишти... Эми алар эч кайтып келишпейт. Көбү кулдукукта, камакта, абакта калышып өлүп житишти. Көмүлбөй калгандары канча. Ал эми, тирүү калып, буттарына тургандар, алар башка элде жерде эптеп тамыр жайып, ал жакта биротоло калышты.
Жыйынтыгында...
Жыйынтыгында, эки миллиондон ашкан алдуу-күчтүү, көбүнчөсү билимдүү –илимдүү жаштарыбыз өлкөбүздөн чыгып кеткендиктен, алардын орундарын, жерин, элин каратаандай болгон кытай каптады. Араб, афган, пакистан, индус, түрк, жөөттөр каптап майлуу-сүттүү жерлерди ээлешти. Ал эми... Ал эми, жергиликтүү кыргыздар кимдерге айланышты? Келгин жут жаттарга жалдырап, жагалданып жалооруп, амалкөй арамдарга жалданышып, барксыз кулдарга айланышты. Кыз-келиндер токолдукка алынып, жагымсыз жаттардын сандарын көбөйтүп жатышат.
Мага бир аттуу-баштуу белгилүү инсан айтты: “Кудайыңа тооба, Мелис байке, мен бир шумдукка күбө болдум, Чуйдө бир бай дунгандын он жети кыргыздан алган аялдары бар экен. Баардыгын тизип алып дунган байбичеси башкарат экен...” – деп.
Ишенбесем, далилдеп берди, тартып алган тасмасын көрсөтүп. Жээнтайлар жүз миңден да ашып-ташышты. Ата энелери ага корстон болушуп, менин кызым бай кытай, түрк, арабга турмушка чыкты деп, уялбастан мактанышат. Демек...
Демек, бир кезде адамзаттын башаты, Ар Намыстын асабасы, эбегейсиз Эркиндиктин, Эрдиктин Ээси болгон КЫРГЫЗ, бүгүн, өз киндик кан тамган Ата Мекенибизде, Ата Журтубузда барксыз, арсыз кулга айландык... Кантебиз, бир кездеги бүткүл адамзатка үлгү болгон, касиетке ширелген, кыраан, чыгаан КЫРГЫЗ??? Качанкыга чейин өз эл жерибизде тепсендиде калып, каныбыздан жаныбыздан чыккан кыз-келиндерибизди талпакка айлантып, ашынган ачкөз жат арамдарга тепселетебиз?
КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН? Айткылачы? Арабызда ардуулар, акылдуу, алдуулар таптакыр калбай калганбы, катыгү-ү-ү-ү-үн наалат күн.
Мелис Арып-Бек
Булак: NazarNews.kg