www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөбаев “төшөнчөсүн” ачты

Куру кыял деген эмнени гана кылбайт. Акыл эси ордунда, ашып ташкан байлыгы, даража, сый-ургаалары бар азаматтар да так ушул куру кыялдын курмандагы болуп келишет. Алсак, “Өнүгүү-Прогресс” деген партия ачып, эбактан бери “комада” жаткан айы-чарбасын жандандырууга жан үрөнсүгөн Бакыт Төрөбаев ошо таптагы бактысына ыраазы болбой ыргыштап ийген. Буга мезгил күбө. Өмүрбек Бабановдун так ошол Тракторбек каймана аттуу “премьер-министри” Бакыт Төрөбаев шайлоодон кийин тынчып калды эле. “Дарыланып” жаткан кейипте.

Бирок, өткөн жумадагы парламент жыйынында Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевди арыз жазып кете бер деп капталдан качырды. Ооба, айтканы туура эле. Ушинтип анда-санда үн катып коюп турубаса, “саясий өлүккө” айланып калбайбы… Анүстүнө эбактан эс учуна келе албай жатканда өлкөдөгү олку солку кырдаалдар Төрөбаевге окшогон “кырчаңгы” саясатчыларды “төшөнчүсүнөн” сууруп чыгат эмеспи. Анткени менен Бакыт баягы Төрөбаев эмес да. Принцип, эл алдындагы убада дегендер Төрөбаевге эч бир баалуулук эмес экендигин эл билбейби?!

Булак: "Де-Факто"

Последние новости