www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Биринчи май райондук сотунун чечими менен №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Анын бөгөт коюу чарасы кечээ, 16-сентябрда, тандалды. Ал сотко чейинки өндүрүш мөөнөтүнө чейин, тагыраагы, ушул жылдын 14-ноябрына чейин абакта болмокчу.
Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган.
Эске салсак, Курсан Асанов октябрь окуялары учурунда, тагыраагы, 6-октябрда ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен.
Ал эми 26-январда кармалган. Ага 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга аракеттенген деп Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") негизинде айып тагылган.
Экс-министр андан төрт ай өткөндөн кийин 12-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган болчу.
Булак: NazarNews.kg