www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Курсан Сатарович, бир жума мурун Сокулуктун Орок айылында чатак чыгып, ал бир нече күн кайталанды. Азыр ал жерде абал кандай болуп жатат?

-Абал биротоло басылган жок. Туруктуу дегенден алысмын. Азыр деле укук коргоо кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Эки тараптагы тең камалган балдардын баары чыгарылган.

- Талкаланган үйлөр, өрттөлгөн сарай калыбына келтирилдиби?

- Жок, азырынча ал иштер токтоп турат. Эки тараптын акылмандары кеңешип, аны жөнгө салышат деп ойлойм.

- Батукаевдин иши боюнча Рысалиевди 48 саатка камоо тууралуу чечим чыгып, бирок ал абалы начарлагандан ооруканага жатып калбадыбы. Азыр абалы жакшы экени айтылып жатат. Эмнеге камалбай жаткан себеби барбы?

- Биринчиден, мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Экинчиден, мен ал адамды сыйлайм. Ал кыргыз милициясына салым кошкон мыкты генералдардын бири. Ал эми Батукаевдин иши боюнча азыр мурунку ишти кайра жандандырып, тергөө жүрүп жатат. Рысалиев ошол маалда иштеген адам катары суракка алынды. Сурак учурунда саламаттыгы начарлап, ооруканага жеткирилгенин силер катары эле билем. Адам ар кандай шартта ооруп калышы мүмкүн. Азыр дарыланып жатыптыр. Күнөөлүү, же күнөөлүү эместигин тергөө, андан кийин сот аныктайт.

- Рысалиев кримтөбөлдү аба майданга чейин узатып барганы тууралуу айтылган маалыматтарды калп деп эсептейсизби?

- Мен ал боюнча комментарий бергенден алысмын. Жалпы эле Батукаев иши боючна шектүү катары кармалып, күбө катары суралып жаткандар тууралуу да эч нерсе айта албайм. Баары мыйзам-ченемдүү, акыйкат чечилет деген ишенимдемин. Сотко чейинки өндүруш жүрүп жатат. Баары тергөөнүн купуялуулугу үчүн сыр. Чечим кандай кабыл алынат, күтө туруубузга туура келет. Бир айбы, эки айбы, акыры жыйынтык чыгат. Баарына соттун чечими чекит коет.

- Саляновага карата абакта кримчөйрөнүн адамдары тарабынан кысым болуп жатканынайтып жатышат. Анын ишин ИИМ тергеп жатпайбы, эмнеге 1-СИЗОго камалды?

- Аны мен чечпейм. ИИМдин алдында тергөогө чейин кармалгандарды коргоого ала турган башкы башкармалык бар. Кармалып жаткан адамга кысым болсо, сөзсүз чара көрүлөт. Кысым, басым болуп жатса, адвокаты арыз жазса эле, чечиле турган иш го.

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости