www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асановдун инисин бычактап кетишти

Курсан Асановдун жакын тууган иниси Жанар Асанов бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу айрым маалымат булаткары өздүк булактарына таянып жазышты. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Жанар Асанов бул окуя боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине арыз менен кайрылган эмес.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын катчысы Замир Сыдыков тастыктады.

«Аталган окуя бизге Ош шаардык ооруканасынан 26-январда кабарланган. Ж.А. аттуу жаран миздүү буюмдан жаракат алганы боюнча айтылган. Жабырлануучу өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө өзүн өзү сайып алганын айтып жатат. Окуя учурда Ак-Буура милиция бөлүмчөсү тарабынан иликтенип жатат», - деди ал.

Ош шаардык ооруканасынын маалыматына ылайык, Ж.А. аттуу жаран аталган оорукананын урология бөлүмүнө түшкөн. Сайылган бычак сол жак бутуна жана жыныстык мүчөсүнө тийген.

Маалым болгондой, Жанар Асанов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости