www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялары 24 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн айдоочуга карата колдонулган баш коргоо чарасы боюнча түшүндүрмө беришти. Судьянын айтымында, шектүүнү камакка албоо тууралуу чечим анын ден соолугуна байланыштуу кабыл алынды.

"Айза Уландын өлүмүнө шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоо учурунда айыпталуучунун катуу ооруп жатканы тууралуу бардык маалымкаттар берилген. Тагыраагы, ал бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен жабыркайт деген медициналык корутундусу болгон. Өкмөттүн токтомуна ылайык (2018-жылдагы), мындай диагноз коюлган шектүүлөр жана айыпталуучулар камакка алынбайт. Ошонун негизинде Свердлов райондук соту айыпталуучуга үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалган", - деди судья Айзада Исаева.

Ошондой эле, 24 жаштагы кыздын жолдогу өлүмү үчүн айыпталып, бирок тергөө абагына камакка алынбаган шектүү мурда милиция органдарында иштеген адам экени белгилүү болду. 

Мындан сырткары, айдоочу тергөө учурунда гана камакка алынбаганы менен мыйзамга ылайык, шектүү кылмыш жоопкерчилигинен кача албай турган айтылды.

"Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп, топтолгон иш материалдары соттун кароосуна жөнөтүлөт. Анын күнөөсү иш материалдарында жана сотто далилденсе, сот аны жоопкерчиликке тартат. Бөйрөк алмаштыруу ага кылмыш жазасынан кутулууга мүмкүнчүлүк бербейт", - деди судья.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин айрым депутататтары ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн деген айдоочуну сот үй камагына чыгарганын сынга алып чыгышкан. Алардын айтымында, шектүүнүн үй камагына чыкканы туура эмес. 

"Буга жардам берип, реакция кылбасак болбойт. 19 жаштагы кыз каза болду. Үй-бүлөсү ыйлап жатат. Ал эми тиги киши үйүндө отурат. Бул туура эмес",- деген эл өкүлү Жаныбек Абиров. 

Белгилей кетсек, кечээ, 17-январда ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн деген айдоочу үй камагына чыкканын, Свердлов райондук соту кабарлаган.

Андагы маалыматка ылайык, шектүүнүн жактоочулары ал бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы, бөйрөгүнүн өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү тууралуу медициналык документтерди көрсөтүшкөн.

“Айыпталуучунун 5-даражадагы бөйрөк оорусу, термикалык стадиядагы өнөкөт оорусу жана 2016-жылдан бери гемодиализде экенин көрсөткөн медициналык документтер сотко жактоочу тарабынан берилгендигине байланыштуу үй камагына чыгарылган”,- деп айтылган малыматта.

Последние новости