www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Белекбай Оморовго жергиликтүү Кеңештин 28 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, кызматынан алып тынышты. - Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Белекбай Оморов эл менен тыгыз иштеше алган жок! Андыктан, нааразычылык улам ырбап олтуруп, акырында маселеси Айылдык Кеңеште каралды.

Сессияга чакырылган 31 депутаттын 29у катышып, булардын 28и ага таптакыр ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Биз чечимибизди райондун акимине жөнөттүк. Азырынча башчынын милдетин анын орун басары Мамырбек Сазанов аткарып турат,- деп кошумчалады Куршаб айылдык Кеңешинин төрагасы Бактыяр Табытбек уулу.

Баса, Белекбай Оморов 2017-жылдын январь айында Куршаб айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган. Шайлоодо ат салышкан үч талапкер Белекбай Оморов – 16, Жуманазар Калбаев – 3, ал эми Алтынбек Ташиев 12 добуш топтошкон.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости