www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Айтылбай турган сөз эле. . .”

Экс-президент А.Атамбаев мөөнөтү бүтөрүнө саналуу убакыты калганда кадимки “кара жашиктен” бийликтен кеткенде эч кандай саясий оюндарга аралашпай, жалаң чыгармачылык иш менен алпурушарын жалпы журтка жарыялагандыгына телекөрүүчүлөр күбө болгонбуз. Бул элибизге А.Атамбаевди мансапка кызыкпаган, мыйзамды урматтаган инсан катары урмат-сыйга татыктуу экен деген пикирди жараткан. Арадан аз убакыт өтпөй ал убадасын унутуп, мамлекеттин башчылыгынан кетсе да, кийинки президенттин ишмердүүлүгүнө “көз салып” турарын, ошондуктан саясаттан кетпесин байма-бай айткандан жадаган жок.

Эл кайсы А.Атамбаевге ишенерин билбей калды. Баарынан да бийликтен жөн кетпей, мурдагы оппозициядагы лидер катары таанылган өнөктөштөрүн шал канат кылгандан кийин кайрадан бийликти колуна аларын да жашырган жок. Келечекте бул мансапка күчтүү атаандаштарын жок кылгандан кийин жеке лидер катары чыгарын да ачыкка чыгарганына калайык- калкка жар салганын кантип жашыра алабыз? Кепти ачык айтайын, өлкөдө саясий же экономикалык оор кырдаалдар түзүлсө эле ага “акаевчилер, бакиевчилер күнөөлүү” деген жарлыктар гана жаңырып турду.

Аларга жол ачып бергендиги үчүн экс-президент катары жоопкерчиликти алууга эрки жетеби? “Алардын куйруктарынан” тазалайм дегени менен чечкиндүү чара көрүүгө кудурети келбегенден кийин мындай “жаргондордун” кереги бар беле? Мындайды элибиз, “алы жетпеген – акыретчил” – деп койчу беле?.. Өткөнгө кайрылып көрөлү. Экс-президент К.Бакиевди бийликке алып келген ошол кездеги оппозициянын лидерлерин камакка алдырды. Толкуган эл “Форумга” чогулуп, ал жерди курчоого алган куралдуу күч бир сыйра элди сүрүп чыгарды, бирок нааразычылыкка чыккан эл кайрадан топтолуп, таш бараңга алган эле. Куралдуу күч элге ок чыгарган жок, тетирисинче жаалданган элге курал-жарактарын алдырып, аёосуз тепки жешти.

Топтолгон эл андан ары Ак үйгө жол тартышып, ал жерди курчоого алышты. Аянттагы элге ок атылды. Кан төгүү башталды, натыйжада эл камакка алынган оппозициянын лидерлерин камактан бошотуп келишип, ага чейин 87 кырчындай жигиттер окко учушту. Жарадар болгондор да көп эле. Оппозициянын лидерлери Ак үйгө киргизилди. Кландык бийлик кулатылды. Маселе мында эмес, таң каларлыгы, атылган октордун “ак жакачандарга” жана алардын жан-жөкөрлөрүнө тийгенден “коркуп”, карапайым калктын уулдарын “тандап” тийгендигинде болуп отурбайбы? Баарынан кызыгы, Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсүнүн Ак үйдөн 7 көзгө атар мергендер кармалгандыгын жар салганын эч ким унутпаса керек. Бул апыртылган калппы, айтор, ал мергендер кимдер экендиги, аларга кандай жаза берилгендиги жашыруун сыр болуп кала берди.

Ошол кезде жетекчи кызматта жүргөндөрдүн анча-мынчасы гана жоопко тартылбаса, снайперлер “сыйкырдуу күчтүн” жардамы мененби, айтор, көзгө көрүнбөй “белгисиз тарапка” учуп кетишкен сыяктанат?! Ушундан улам, бийликти кулатууга катышып, буга күбө болгондордун көбү окуяны акылга салып калчаган адамдардын басымдуу бөлүгүнүн оппозициядагыларга да, позициядагыларга дагы ишеними өчүп, алар өз арбайларын өздөрү согуп кала беришти. Демек, элдин эки тарапка ишенбей калышынын натыйжасында гана өлкөдө стабилдүүлук орногон десек чындык болмок. Мындай пикир бекеринен айтылган жок.

Далил келтирели. Убактылуу өкмөт “партиялардын парадында” жеңиш эми биз тарапта гана болот деген ишенимде болушкан. Ушундан улам, К.Бакиевдин “Акжол” партиясынан бөлүнгөн топ “Ата- Журт” партиясын түзүп, парламенттик шайлоого ат салышууга мүмкүнчүлүк алышканы баарыбызга белгилүү. Жыйынтыгында бул партия добуш алуу жагынан биринчи орунга чыкты, ал эми КСДП ага теңтайлаша албай калгандыгын кантип тана алабыз?

(Уландысы бар)

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости