www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын "Медиа Форум" ишканасынын алдында 2002-жылдагы Аксы окуясына жана 2010-жылдагы Апрель окуясына арналган жарандык жыйын болуп өттү.

Аталган жыйынга, 2005-2010-жылдардагы төңкөрүштөрдүн катышуучулары жана Аксы окуясынын курман болгондордун туугандары катышты. Жыйындын жүрүшүндө арбактарга багышталып куран окутулду. Жогорку Кеңешке адашып барып, кайра артына кайткан Мээрбек Мискенбаев Бакиевдерди дагы эле унута электегин айтып, адатынча ойду-келди сайрады. Анын айтымына караганда Бакиевдердин үй-бүлөөсүн экстрадициялоо керек. Мээрбек мырза анча кыйын экен, Минскке учуп барып эле Бакиевдерди алып келип албайбы? Аны ким тыйып атат... Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурганда «шоона эшпеген» Мээрбектин мээси кайрадан жазга маал ойгонгону таң калтырат. Баарынан го баары, "КР президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырышы керек", деп «тыртаңдады».

Мээрбек мырза, мынчалык «эркектик» намысыңыз бар экен, учак, үйлөрдүн башына топ этип түшкөндө эмнеге «кыйкырып» чыкпадыңыз, «Ош» базар бир эмес 2 жолу өрттөндү эмнеге элге болушуп, «оолугуп» опурулбадыңыз, баары мейли деп коёлу, ТЭЦ жарылып, эл тонгондо эмнеге чээнге кирип жатып алдыңыз... "386 млн доллорды ким жеди" деп, эмнеге чындыкты айтып чыңырып чыкпадыңыз. Акыйкат ошондой ачуу, айтыш кыйын. Мандатка асылбай, топ башында туруп андан көрө 386 млн долларды жеп койгон ач көздөрдү таап чыксаңар жакшы болот беле? Бул кылмыш 7-апрелдеги бийликке келгендердин бетине түбөлүк тарыхый көө экенин унутпасаңыз. Андыктан, асмандан түшүңүз, түшүңүз мырза жигит. 

Кыскасы, Мээрбек мырза кыргыз элине тынчтык керек. Түштөн кийин кылыктанбай тек олтурсаңыз жакшы болот беле? Сиздин бүгүнкү кыйкырыгыңыздын «заказ» экени айдан-ачык билинип турат. Өзүңүздү басыңыз, өзүңүздү...Ансыз деле эл бийликке кыжырданып турганда, «короз» боло бербеңиз. Асылбек Жээнбековго сиз аркылуу айттырган «саламдын» ээсин тыйып коюңуз. «Эркелесеңиз эркелеңиз, талтаңдабаңыз»...Жайдак атка минсеңиз да, ээрлүү атка минсеңизда «камчыңыз» кыска экенин унутпай жүрүңүз. Кыргыз элине тынчтык керек тынчтык.

Баса сизге куудулдар менен күрөшкөн эң сонун жарашат…

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости