www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Термез шаарында курсташынан боюна бүтүп калган 17 жаштагы кыз үйүндөгү сарайда асынып өлгөн жеринен табылды. Кыздын атасы жана туугандары маркум кошуналарына уят болбоо үчүн өз жанын кыйганын билдиришти.

– Кыздын эки айлык боюнда болгон. Ал шермендечиликти көтөрө алган жок. Анын үстүнө боюндагы баласынын атасы да андан баш тарткан. Мен аялыма жана карындашыма кызымды ал жигиттин үйүнө алып барып таштагыла дедим. Алар алып барышты. Бирок жигиттин туугандары курсагында баласы бар келиндин кереги жок экенин билдиришкен. Биз кызымды баланын үйүнө эки жолу жөнөттүк, бирок ар сапарында аны артка кайтарышты. Ошондон кийин кызым ушундай кадамга барды, –деди кыздын атасы.

Маале активисти кыз менен жигиттин баш кошуусуна жардам берүүгө аракет жасаганын, бирок баланын атасы бул никеге караманча каршы чыкканын айтты.

Кыздын боюнда болуп калышына байланыштуу анын курсташына кылмыш иши козголгон эмес.

Өзбек мыйзамдары боюнча жигиттер 18, кыздар 17 жаштан тарта никеге тура алат.

Булак: "centralasian"

Последние новости