www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарым-жартылай бузук гирляндаларды, декоративдик шамдарды жана пиротехниканы колдонуу Жаңы жыл майрамындагы эң кооптуу оюн-зооктордун катарына кирет. Бул туурасында РИА Новостиге Москванын Жарандык коргонуу иштери, өзгөчө кырдаал жана өрт коопсуздугу боюнча департаментинин жетекчиси Андрей Иванов билдирди.
"Москвада катталган өрт кырсыктарынын 70 пайызы турак жайларда болот. Анын басымдуу бөлүгү адамдардын күнөөсүнөн келип чыккан, негизги себеби — этиятсыздык. Ал эми Жаңы жыл түнү декоративдик шамдарды, балатыга оролгон гирлянданы кароосуз калтырып кетүүдөн, жарык берүүчү бузук приборлордон улам чыгат. Бул күнү активдүү колдонулган пиротехника дагы өрт кооптуулугун жаратат", — деди Иванов.
Ошондой эле ал дагы бир негизги себептердин катарына жылытуучу каражаттарды кароосуз таштап кетүүнү кошту.
Андыктан куткаруучу жаңы жылдын алдында үйгө өрт өчүрүүчү каражат алып коюуга жана түтүн чыгаруучу датчик орнотууга кеңеш берет. Себеби жалындап күйгөнгө караганда түтүн каптоо алда канча кооптуу.
Иванов бардык пиротехниканы турак жайлардан алысыраак жерге барып колдонуу керектигин белгиледи. Болбосо короодо токтоп турган автоунааларга дагы тийиши мүмкүндүгүн эскертет. Соңунда ал фейерверктерди сатып алуу учурунда сертификатын талап кылып, колдонордон мурда инструкциясына көңүл коюп окууга чакырды.
Булак: NazarNews.kg