www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан быйыл 148,5 миң тонна жез сатып, 2,5 миллиард доллар пайда тапты. Бул тууралуу Алмалык тоо-металлургиялык комбинатынын билдирүүсүндө айтылат.

Ишкана 2029-жылга карата "Ёшлик-1" кенин иштетүү менен жез өндүрүшүн 400 тоннага жеткирүүгө ниеттенип жатат. Эгер мындай болсо аны сатуудан 7-8 миллиард доллар түшөт деп болжолдонууда. Мындан тышкары "Ёшлик-1" кенин иштетүүдө жезден сырткары 50 тонна алтын жана 270 тонна күмүш өндүрүлөт.

Комбинат 2030-жылга карата жезге болгон дүйнөлүк суроо-талап 40 пайызга жогорулай турганын билдирүүдө.

Отчётко ылайык, Өзбекстан жездин 60-70% чет өлкөлөргө сырьё түрүндө сатып жатат.

Быйыл июлдун аягында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Алмалык тоо-металлургиялык комбинатындагы үчүнчү байытуучу фабриканын курулушун баштап, пайдубалына капсула салган.

Расмий түрдө комплекс 2024-жылы ишке берилип, жалпысынан 6 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. 4,894 миллиард долларга бааланып жаткан үчүнчү жез байытуучу фабриканын кубаттуулугу 60 миллион тонна жез-молибден кенин түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости